Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жамшитбек Калилов «Кыргыз Темир Жолу» МИ дирекциясына жетекчиликке келди

Чуулгандуу белгилүү Транспорт жана жолдор министрлигинин мурдагы министри жаңы кызматында ишке киришти 

Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов "Кыргыз Темир Жолу" УК" МИнын темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралу мамлекеттик ишкананын маалымат катчылыгынан   Vesti.kg сайтына кабарлашты.

-Анын дайындалганы тууралу буйрукка 21-августа кол коюлган, Калилов учурда кызматына киришти, - деп такташты  «Кыргыз Темир Жолудан». - Дирекцияны мурда башкарган Улан Кулов жетекчинин орун басары болуп дайындалды. 

Эске салсак, Жамшитбек Калилов өткөн жылы Транспорт жана жолдор министри кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Анын бул кызматтан кетишине орун басары - Азимкан Жусубалиевдин УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалышы  себеп болгон. Мунун алдында, Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Калилов бул кызматта олтурганга акысы жок деп билдирген.

Июль айында сот Азимкан Жусубалиевди 14 жылга эркинен ажыраткан, ал эми далил катары алынган акча каражаттары мамлекеттин эсебине чегерилген. 

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх