Албек Ибраимовду ЭКККМКында суракка алышты
Борборубуздун мурдагы мэри «Финполго» күбө катары чакырылды
Жакында Бишкектин мурдагы мэри ЭКККМКында суракка алынды. Бул тууралу Vesti.kg сайтына өз булактарыбыз кабарлашты.
- Кечээ Ибраимов «Финполицияга» суракка саат 14тө сотко чейинки өндүрүштун алкагында күбө катары келди, - деп маалымат берди булагыбыз. - Кайсы иш боюнча суракка алышкан, белгисиз. Аны дагы кайра суракка алып келишет.
Ал арада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан Vesti.kg сайтына аталган маалыматтарды тастыкташты.
Эске салсак, Албек Ибраимов УКМКнын тергөө абагында кармалууда.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз