Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коррупциялык иштер боюнча тергөөнүн сырын алып салуу керекпи? Бекешовдун демилгесин ар тараптуу түшүнүштү 

«Коррупционерлер өздөрүнүн жасаган иштерин дайыма бекиткенге аракет жасашат» 

Коррупция менен күрөш ачык жүрүшү үчүн коррупциялык иштер менен ИИМ алектениши керек, а УКМК эмес. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына укук коргоочу Рита Карасартова бөлүштү.

Түшүндүрүп кетели, мурдараак депутат Дастан Бекешев социалдык түйүндөрдө коррупциялык иштер жана кызматтык кылмыштар боюнча тергөө иштери ачык жүргүзүлүшү керек деп жазган. 

«Мен барган сайын коорупциялык жана кызматтык кылмыштарда тергөөнүн сырдуулугун алып салуу керек деген ойго көбүрөөк келип жатамын. Тергөөнүн сырдуулугу жогорудан коюлган тапшырманы аткарууда тергөөчүлөргө шек саноо үчүн мүмкүнчүлүк түзөт. Жактоочулар, сиздердин пикир кандай?», - деп ой бөлүшкөн парламентарий. (орфография жана пунктуация сакталган - ред. эск.)

- Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүнү эң жабык болгон органыбыз - УКМК алып барат, бул туура эмес да, - дейт Карасартова. - Керек болсо, атайын эсепке коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн акча кайдан келет, коомчулук такыр кабардар эмес болсо, анда кайдагы сөздөрдү сүйлөйбүз. Мүмкүн, ККК бизнесмендерди силкилдетип, алардан акча өндүрүшүп жаткандыр?  

Рита Рахмановна, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети милдеттерине кыйыр байланышкан коррупцияга каршы аракеттерден арылып,  өзүнүн түз милдеттери менен иштесе натыйжалуу болот беле деп белгиледи. 

- Билим берүү,  медицина, керек болсо, маданият да ошондой эле кыйыр мааниде улуттук коопсуздукка байланыштуу, мүмкүн, бул тармактарды да УКМКга беребиз? - деп мыскылдады ал.  

Ошол эле учурда белгилүү жактоочу Кайрат Загибаев парламентарийдин пикири менен макул эмес. 

- Дастан Бекешев - жакшы бала, бирок ал саясатчы жана тергөө иштеринин аки-чикисин түшүнө бербейт,  - деп айтты Загибаев Vesti.kg сайтына. - Белгилүү эле да, коррупционерлер өздөрүнүн былык иштерин жаап жашыруу үчүн түрдүү каражаттарды колдонушат. Тергөөчү, далилдерди чогултуу үчүн мыйзам ченинде колунда бар мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгын колдонушу зарыл. Мен кырк жылдан бери ушул тармакта эмгектенип келемин жана ошондуктан коррупциялык иштерде тергөөнүн сырлары болушу шарт. 

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх