Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын мурдагы кызматкери: Эгерде Курсан Асановду, жөнөкөй ууру катары олтургузуп койгондо, резонанстуу болмок 

Максат Мамытканов, ИИМдин мурдагы орун басары күч органдарынын арасында, ошол эле учурда жөнөкөй элдин ичинде да чоң кадыр - баркка ээ

Курсан Асанов күч органдарынын арасында, ошол эле учурда жөнөкөй элдин ичинде да чоң кадыр - баркка ээ. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына УКМКнын башкармалыгынын мурдагы башчысы, саясаат таануучу Максат Мамытканов, ИИМдин мурдагы орун басарынын үй камагына алынышын чечмелеп жатып бөлүштү.

-  Асанов - турмушта болгон өтө кыйын абалдарда өзүнүн өзгөчө кесипкөйлүгүн көрсөткөн офицер, - деди эксперт. - Ал «кабинетте олтурган» генералдардан эмес. Сөз 2010-жылдагы Ош окуялары, баш көтөргөн террористик  окуялар туурасында жана анын өзүнө иш козгошкон акыркы окуялар жөнүндө болуп жатат. Учурдагы саясий абалдагы көз караштан улам аны камакта кармоо бийликтин эң чоң катасы болмок. Иш козголуп, тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу, сот анын баш коргоо чарасын карап, чечим кабыл алганга мажбур болчу. Албетте, үй камагы мыйзам боюнча колдонула турган эң төмөнкү чара болгон. Бул нормалдуу көрүнүш. 

Мамыткановдун пикиринде, Асановду камакка алышканда, кеңири коомдук резонансты чакырышмак.  

- Анын эл арасында жогорку кадыр-баркы бар, - деп кайталады саясат таануучу. - Эгер Асановду, жөнөкөй «ууру», паракор,  «бандит» катары камакка алышканда, эл аны такыр башкача кабыл алмак. Андай нерсе коомчулуктун арасында чоң нараазычылыкты жаратмак. Курсан Асановго айып катары тагылып жаткандарды кылмыш деп эсептештин өзү туура эмес. Ага тагылып жаткан айыптын оордугу менен, ал алдын алган окуянын оордугун салыштырып болбойт. 

Эсиңиздерде болсо, жакында эле ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду үй камагына алышкан. 

Эльдос Казыбеков 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх