«Опумбаев - Кадыркулов эмес. Ал бийликке пайдалуу болуп турганда, кызматында олтура берет»
УКМКнын башчысы эмнеден кызмат ордун дагы деле ээлеп олтурагандыгы тууралу эксперттердин пикири
УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциядан кийин, мурдагы президенттин тарапташтары менен атайын кызматтын жоокерлери жаракат алганда, 8 - август күнү парламенттин жыйынында кызматынан кетүүгө даяр экендигин билдирген.
Бирок, кийинчерээк Жогорку Кеңештин жыйынына келген мамлекет башчысы Опумбаевдин отставкасын кабыл алуудан баш тарткан.
Кийинчерээк, 13-августа, 7-8-августагы Кой-Ташта болуп өткөн окуяларга арналган прессанын жыйынында Орозбек Опумбаев, анын кол алдындагыларды сабагандардын бардыгын мыйзам боюнча түрмөгө олтургузгандан кийин кызматынан кетерин кайрадан кайталаган.
Белгилүү болгондой, мурдагы президент жана анын кээ бир тарапташтары учурда камакта олтурушат. 7-8-августагы массалык тартип бузууларга катышкан көптөгөн катышуучулар кармалган. Бирок, атайын кызматтын башчысы мурдагыдай эле кызматын ээлеп олтурат.
Аталган абалды чечмелеп жатып, юридика илимдеринин доктору, УКМКнын КККнин мурдагы башчысы Кайрат Осмоналиев, Опумбаев учурда кызматын таштап кете албайт, себеби, ал азыр жетекчиликке өтө керек деген пикирин билдирди.
- Биринчиден, ал айткан «олтургузамын» деген термин - туура эмес колдонулган, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайты менен аңгемелешип жатып. Сот гана олтургуза алат. Менимче, жоопкерчиликке тартуу тарыхы быйылкы жыл менен бүтпөйт. Мында чекитти сот гана кое алат. Ал мурдагы УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркулов сыяктуу кызматынан кете албайт, себеби, Опумбаев учурда «жогору жактагыларга», аталган «ал жайгаштырганды» логикалык аягына чыгармайынча кепилдик болуп турат. Ошолорго байланыштуу кызматынан кетиши кыйын. Же соттун айыптоо өкүмү юридикалык күчүнө киришин күтүү керек. Андан кийин гана, Опумбаев ушундай болгон эле деп айткандарын эстеши мүмкүн. Опумбаев жетекчиликке керек болуп турганда, кызматында олтура берет.
Ошол эле учурда Осмоналиев, УКМКнын башчысынын кызматынан кетиши тууралу маселе мындан ары да, кайра-кайра көтөрүлө бере тургандыгын белгиледи.
- Кадыркулов - офицердин үлгүсү, ал кызыкчылыктардын конфликтин жаратпаш үчүн, ага карата негизсиз күнөөлөөнү башташканда, кызматынан кетип калды, - деп эске салды ал. - Опумбаев башка камырдан жасалган. Атайын кызмат Кой-Ташка УКМКнын төрагасынын көрсөтмөсү менен барган. Бул өтө жогору тобокелчиликтеги жана , менин көз карашымда, өзүн актабаган, ал үчүн атайын кызматтын жоокерлери жооп бербей турган операция болгон. Опумбаев ок атуучу куралды колдонууга уруксат бербегендигиме өкүнөмүн деп сүйлөдү. Бул деген маразм. Аталган операциянын ишке ашпай калышы жана анын ал үчүн артынан келген жыйынтыктарга төраганын дал өзү жоопкерчиликтүү. Бул тарых али бүтө элек. Анын кызматынан кетиши тууралу маселе кайра эле көтөрүлө берет.
ЖК депутаты Дастан Бекешев өз кезегинде Vesti.kg сайтына президенттин өзүндө гана Орозбек Опумбаевдин кызматтан кетүү тууралу өтүнүчүн кабыл алууга артыкчылыгы бар экендигин эске салды.
- Анын арызы бар, - деп эске салды парламентарий. - Чечимди кабыл алуу президенттен. Бул парламенттин артыкчылыгы эмес, жалгыз президент тарабынан чечилет. Мен, Опумбаев качан кете тургандыгын өзү чечиши керек деп эсептеймин. Эң башкысы, ал бир кызматкердин өмүрүн алган УКМКнын «Альфа» тобу өткөргөн операция ишке ашпай калды деп биз ага айтканбыз, жана мен бул несеге өтө капамын.
Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев да, Опумбаевдин маселесиндеги көп суроолор азыркы мамлекет башчысы тарабынан чечиле тургандыгын эске салды.
- Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштан кармашкандан кийин, Кой-Таштагы окуялардан жабыр тарткан жөнөкөй адамдар тууралу эч нерсе билдирбей жатышат, - деди Бөрүбашев Vesti.kg сайты менен аңгемелешүүсүндө. - УКМКнын төрагасынын кызматтан кетиши тууралу маселе президентке жана Орозбек Опумбаевдин өзүнө тиешелүү иш. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин негизги жумушу коррупцияга каршы күрөшкө багытталган. Качан жетекчи кол алдындагылардын таламын талашып жатса, албетте көңүлдү жылытат. Мүмкүн, ал туура эмесирээк айтып алды, бирок, мен бул тарабынан аны колдоймун. Опумбаев өзүнүн кызматкерлерин ойлоп жатат. Медалдын экинчи тарабы да бар - укук коргоо органдарынын колунан Кой-Ташта жөнөкөй адамдар да жабыр тартышкан. Бизде болсо, жаракат алган күч органдарынын кызматкерлери тууралу гана бир тараптуу маалыматтар кетип жатты.
Ошол эле учурда саясат таануучу, ЖК көптөгөн депутаттары мурдагы президенттин тегерегинде жүрүшкөндүгүн эске салды.
- Менин оюмча, жакында, Жогорку Кеңеш чогулганда, атайын тузүмдөрдүн кызматкерлеринин укуктук аракеттерин талкулоо үчүн комиссия түзүлүшү керек, - деп ой жүгүртөт Бөрүбашев. - Ал комиссияга бийликтин жана жарандык коомдун өкүлдөрүн киргизүү зарыл. Мен эч качан Атамбаевди актабаймын. Бирок, эмне үчүн ага карата күч менен кармоо методдорун колдонушту? Обьективдүү себептер керек. Биз Атамбаевдин айланасындагылар деп кимдерди түшүнөбүз? 20 жылдан ашуун убакыттан бери мурдагы президенттин айланасында Жээнбековдор жана Жогорку Кеңештин 70 пайызы жүрүштү. Муну эч ким калп дей алышпайт. Азыркы күндө бийликтин башында турган адамдар, кечээ эле Атамбаевди тегеректеп жүрүшкөн.
Андан тышкары, эксперттин пикири боюнча, биздин «элита» четки күнөөлүү адамды тапканга үйрөнүп алышкан, азыркы учурда андай адам - Алмазбек Атамбаев деп эсептесе болот.
- Бардыгын кылмышкер деген бул акылсыздык, - деп белгиледи Бекбосун Бөрүбашев. - Мага ушундай сезилип жатат, Атамбаевди кармашканда, Берлинди алгандай эле болушту. Кайталаймын, мен Атамбаевди актаганым жок. Учурдагы укуктук системаны Убактылуу өкмөт түзгөн. Иш жүзүндө аны Атамбаев колдонду, ошондуктан, ал өзү жооп бериши керек. Биздин, мындайча айтканда, элита аттуулар, ар бир убакта четтен бирөөнү сөзсүз тапканга ыңгайлашып алышкан: 15 жыл мурда Акаев күнөөлүү болгон, андан кийин - Бакиев, ал эми азыр болсо - Атамбаев. Калгандарынын баары - апапакай жана таптазалар. Атамбаевдин күнөөсү бар. Анда башкалары кай жакты карап жүрүштү?
Медина Купсулдаева
Фото www