Бабановду суракка алып жатышат, бирок, ага бир дагы расмий айып тагыша элек
Президенттикке мурдагы талапкерди бүгүн да УКМКда жаңыдан суракка алышат
Кыргызстанга кайтып келген Өмүрбек Бабановго бүгүнкү күнгө чейин бир дагы расмий айып тагыла элек. Анын жактоочусу Амантур Абдырахманов Vesti.kg сайтына түшүндүргөнүнө карата, президенттикке мурдагы талапкерди күбө катары гана суракка алышууда.
- Биз ал күбө катары өтүп жаткан бардык иштерди билбейбиз, -деди юрист. - Өмүрбек Бабановго бардык иштерде күбө катары сурак жүргүзүлүүдө. Бул ага айып тагылат дегенди билдирбейт. Күбөгө баш коргоо чарасы колдонулбайт. Ага карата болгону келип туруу тууралу милдеттенме колдонулат. Башка эчтеке болушу мүмкүн эмес. Биз, тергөө Өмүрбек Токтогулович түшүнүк берген кээ бир жагдайлар менен териштирип алат жана мыйзамдын чегинде чечим кабыл алат деп эсептейбиз. Бүгүн, биз УКМКга саат 15:00гө барабыз.
Ал арада Өмүрбек Бабанов «Азаттык» маалымат агенттигине аны сегиз кылмыш иши боюнча суракка алып жатышкандыгын айткан. Анын төртөө боюнча ал ЭКККМКна, дагы төрт кылмыш иши боюнча - УКМКга көрсөтмөлөрдү берип жатканын кабарлаган.
Эске салсак, президенттикке мурдагы талапкерди 19-августа ЭКККМКында суракка алышкан. Аны ошондо «Кыргызстан» АКБ тууралу суракка чакырышканы кабарланган.
Медина Купсулдаева
Фото www