УКМК коррупция менен күрөшүүдөгү эсепке кезектеги акчалай каражатты которду
Бул жолу Каржы министрлигинин Бирдиктүү депозиттик эсеби чекистердин аракеттеринин аркасында 31 млн сом менен толукталды
Бүгүн, 2019-жылдын 30-августунда, УКМК өкмөттүн 2018-жылдын 22-июнундагы №298 токтомун аткарууда Каржы министрлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине 31 млн сом кезектеги акчалай каражатты которду.
УКМКнын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча коррупцияга каршы күрөштүн алкагында, депозиттик эсеп ачылгандан бери мамлекетке келтирилген зыяндан, кайра кайтарылган каражаттын жалпы суммасы 272 млн. 815 миң. 287 сомду түздү.
УКМКнын маалымат кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз