Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сыргак Айткурманов Памир Асановдун ордуна ИИМдин тергөө кызматын жетектеп калды 

Аны борбордук аппаратка түштүк борбордон которушту 

Сыргак Айткурманов ИИМдин тергөө кызматынын башчысы болуп дайындалды. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Ички иштер министрилигинин маалымат кызматынан тастыкташты.

- Айткурмановду тергөө кызматынын башчылыгына дайындоо тууралу буйрук 23-августа чыкты, - дешти ал жактан. - Мурда ал аймактар аралык башкармалыктагы тергөөдө иштеген. 

Белгилеп коелу, Сыргак Айткурманов аталган кызматка Ош шаарынан которулган. 

Мурдараак ИИМдин тергөө кызматын, учурда ички иштер министринин орун басары Памир Асанов башкарган, ал өз кезегинде бул кызмат ордун Курсан Асановдон кийин ээлеген. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх