Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кой-Таштагы абалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү абсурд көрүнүп жатат» 

Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти ажыратуу үчүн добуш берген депутаттар, кантип анын үйүн штурмга алуу аракетине баа беришет, эксперт  түшүнбөй жатат

Кой-Таштагы абалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссия качан ишин баштайт, азырынча белгисиз. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына «Антитеррор-Альфа» ардагерлеринин коомдук бирикмесинин төрагасы, аталган комиссиянын мүчөсү Артур Медетбеков айтып берди. 

- Азыркы учурда биз аталган комиссиянын курамына киргенибиз тууралу гана айтышты, - деп белгиледи ал. - Мүмкүн, жумуш Көз карандысыздык күнүнөн кийин башталат окшойт.

Өз кезегинде саясат таануучу Турат Акимов, Мамкомиссиянын жыйынтыктары акыйкаттуу болбой калышы мүмкүн деди арсар ой менен. 

- Ал комиссияга мурдагы президентти кол тийбестиктен ажыратуу үчүн добуш берген депутаттар киришти, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө. - Мен алардын пикири эми өзгөрдү деп айта албаймын, алар Атамбаевде күнөө жок деп айта алышпайт. Анан, ошол эле учурда, азыр укук коргоо органдары өздөрүнүн иликтөөсүн жүргүзүп жатышат.  Комиссиянын ишинин жыйынтыгы алардыкынан жогору болбойт.  

Турат Кудайбергенович, мурдагы президенттин үйүн штурмга алуу кандай болгондугу тууралу коомчулуктун пикирин эч кандай комиссия өзгөртө албайт деп кошумчалады.  

- Укук коргоо органдары жок дегенде, участкалык милиционерди мүмкүн боло турган штурмду эскертүү үчүн жөнөтсө болмок, - деп түшүндүрдү ал. - Анан үйдүн короосуна маскачан адамдар кирип барышты. Ким ошол жерде болсо, коркуп кетишти жана коргоно башташты. Атайын кызматтагылардын маңдайына жазып коюшкан эмес да, алар кимдер экендигин. Мүмкүн, террористер болсочу? Мен үчүн комиссиянын түзүлүшү абсурд катары көрүнөт - коомчулуктун пикирин өзгөртүүгө мүмкүн болбой калган. 

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты, 2019-жылдын 7-8-августунда болгон Кой-Таш айылындагы абалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссия түзүлгөндүгүн билдирген. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. 

 Буйрукка, «Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кой-Таш айылындагы 2019-жылдын 7-8-августундагы түзүлгөн абал тууралу» Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 8-августундагы токтомун аткаруу максатында, Кой-Таш айылындагы түзүлгөн абалды ар тараптуу изилдөө максатында кол коюлган. 

 Мамлекеттик комиссияга бир айдын ичинде Жогорку Кеңешке андан ары маалымат берүү үчүн корутунду даярдоого тапшырма берилген. Комиссиянын мүчөлөрүнүн тизмеси 

 Вероника Малышева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх