Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курсан Асановдун уулу катышкан видеодо фактологиялык каталар табылды (видео)

Жактоочу ИИМнин башчысынын мурдагы орун басарынын улуу менен анын жансакчысынын издөө салынышы боюнча даттанууга ниеттенүүдө

Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Алинин издөө салынышы менен ички иштер министринин мурдагы орун басарынын жансакчысы Дамир Пайзылда уулунун камалышы боюнча сотко арыз менен кайрыла тургандыгын Vesti.kg сайтына жактоочу Икрамидин Айткулов билдирди.

- Биз чара көрүүгө камданып жатабыз, - деди ал.

Мындан сырткары юрист, Бишкек шаардык сотунда алдамчылык боюнча шектелип жаткан иштин алкагында өзүнүн камалышы боюнча дагы даттанаарын кошумчулады.

Ички иштер министринин мурдагы орун басарынын 22 жаштагы уулу издөөгө алынган. КРнын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, Курсан Асанов 8-августта өзүнүн жансакчысы аркылуу ага «буюм түрүндөгү далилдерди, документ жана башка негиздүү мааниге ээ башка буюмдарды» - Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү кызгылт баштыктын ичиндегилердин бир бөлүгүн өткөрүп берген.

«Мунун бардыгын ал Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып чыгып кеткен, - делет көзөмөл органынын билдирүүсүндө. - Курсан Асановдун айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу 8-августта кечки саат 21:00 менен 21:15 убакыт аралыгында ИИМнин имаратынын алдында анын көрсөтмөсү менен жогоруда айтылган буюмдарды Мухаммед-Али Асановго берген. Документтер Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына тапшырылган».

Мухаммед-Али Асановго сыртынан баш коргоо чарасы каралып, камакка алуу чечими чыгарылган. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонууга кошо катышкан деп шектелүүдө.  

Ал арада YouTube видео порталындагы ARBerlin каналы Башкы прокуратура тараткан видеонун талдоосун жайгаштырган. Видеону анализдеп чыккан авторлордун пикири боюнча, бул тасма - ИИМнин башчысынын мурдагы орун басарын каралоо максатында атайылап иштелип чыккан жасалма видео болуп саналат.


Биринчи кезекте, алар тасмада көрсөтүлгөн бир нече бөлүктөрдүн убакыттарын белгилешет: сандарга ишенсек, ал күнү кечинде убакыт бир канча жолу артка жылып кеткен..

Мисалы, Курсан Асанов менен анын жансакчысы 21:06да ИИМнин короосунда коштошушат.

- Сиздер Асановдун колунан баштык көрүп жатасыңарбы? Мен мисалы - жок, - дейт журналист. - Мындан соң дарбазалар ачылат дагы эки автоунаа чыгат.Ал эми, Курсан Асановдун айдоочусунун унаасы эч жакка чыкпайт.

Кийинки бөлүктө Дамирбек Пайзылда уулунун ИИМнин унаа токтотуучу жайында Мухаммед Асанов менен жолугушуучу жерге «бара жаткандыгын» көрсөтөт. Жолугушуучу жер - Жумабеков менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиши, саат болсо эмнегедир 20:56, башкача айтканда, коштошкон убакыттан мурда. 21:57де болсо алар токтоочу жайда турушат.

20:57де Мухаммед-Али Асанов видеого өзү жашаган үйдүн негизги эшигинен токтоп турган унаасына бара жаткан жеринен түшүп калган. Унаанын жылган-жылбаганы белгисиз - тасма бул жерден токтоп калат. Москва көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинен Курсановдун уулу 21:05те өтөт, ал эми жолугушуучу жерге күтүүсүз жерден 21:00гө келип калат.

- 21:02де алар эки жакка кетишет, демек, алар 2 мүнөттөн ашпаган убакытка кезигишкен, - дейт журналист. - Бирок, кылмыш ишинде бул 21:12де болгондугу жазылган. Бул 10 мүнөт ошондо кайдан чыкты?  

Айтор, кандай болгон күндө да Курсан Асановдун уулу 21:19да үйүн жанындагы токтоочу жайга кайтып келген.

Ал эми министрдин мурдагы орун басарынын айдоочусу менен жансакчысы  шаардын көчөлөрү менен 21:42де жүрүп, ИИМнин имаратына 21:21де жетет.

- Асановго кысым көрсөтүү үчүн кезектеги кылтак, - дешет видеого талдоо жүргүзгөндөр. - Соттук иш бүтө электе маалыматты жарыялаганга силерге ким уруксат берди? Бул тууралуу мыйзам бардыгына тең иштебейби же? Силерде Курсан Асановдун айдоочусу менен уулун камакка алууга далилдериңер жок.

Ошондой эле алар эмне үчүн Курсан Асановдун өзүнө үй камагына алуу баш коргоо чарасы каралган маалда, Мухаммед-Али Асановго болсо убактылуу кармоочу жайга киргизүү чечими чыгарылганын да түшүнүксүз экенин белгилешет.

- Курсан Асановду каралоо үчүн активдүү массалык кампания жүрүп баштаганын бардыгы эле байкаса керек, - деп мурда ИИМнин башчысынын мурдагы орун басарынын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирген эле.
- Тергөө жыйынтыктала элек, бирок, ал чыккынчы экенин элдин баарына жайышты.

Эскерте кетсек, Биринчи май сотунун чечими менен Курсан Асанов үй камагына алынган. Ага азырынча расмий түрдө айып тагыла элек.

Курсан Асановдун айдоочусу менен жансакчысы Дамирбек Пайзылла уулу кармалып, Бишкек шаарынын ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жактоочу Икрамидин Айткулов Асановдун ишине байланышпаган иш боюнча алдамчылыкка шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийинчерээк, Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.
8-августта Курсан Асанов Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзүп, аны көчөгө, ИИМнин башчысы Кашкар Жунушалиевге алып чыккан. Ал «кыргыз милициясынын кызыкчылыктарын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жоготкондугу» үчүн кызматтан четтетилген.

Ольга Федорчук
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх