Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ширин Айтматова протесттүү жаштарды үрөй алышы мүмкүн» (видео)

«Ширин Айтматова нааразы жаштарды үрөй алышы мүмкүн» (видео)

«Умут 2020» жаңы кыймылы «системаны буза алабы»?

Жакынкы күндөрү ЖКнын экс-депутаты Ширин Айтматова тарабынан түзүлгөн «Умут 2020» элдик кыймылы, албетте, коомчулуктан колдоо табат, бирок, мындай демилгелерди аягына чыгаруу кыйын. Мындай оюн Vesti.kg  сайтына мурдагы парламент өкүлү Ишенбай Кадырбеков бөлүштү.
- Көптөгөн активисттер мындай кыймылдарды түзүп, кийин каякадыр жоголуп кетишчү, - деп эскертип өттү ал. - Эгерде Ширин Айтматова алдыдагы парламенттик шайлоо алдында депуттардын кимиси элге каршы чечимдерди кабыл алгандыгын көрсөтүүгө кудурети жетсе, маанилүү саясий фигуралардын катарына кирип калмак. Эл жок дегенде люстрацияны элестеткен чечимди көрүшү керек. Бирок, мындай ишти аягына чыгаруу, өтө татаал. Эгерде колунан келсе, албетте, жакшы упай топтоп алат.

Ал ортодо саясат таануучу Марс Сариев Ширин Айтматова көрүнүктүү саясий фигурага айланышы мүмкүн деген ойдон алыс.
- Анын коррупцияга каршы кыймылы парламентке кирүүгө багытталгандыгы түшүнүктүү, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Ал бул стратегияны башка постсоветтик өлкөлөрдүн (Армения жана Украина) тажрыйбаларына таянып тандап алган. Анда шаардык жаштарды мобилизациялап, нааразы шайлоочулардын жардамы менен көтөрүлүү мүмкүндүгү бар.

Бирок, Марс Осмонкуловичтин пикиринде Айтматованын демилгеси аймактарда чоң колдоо таба албайт.

- Аймактарда жарандар көбүнчө консервативдүү көз карашта, алар өздөрүнүн корпоративдик жана уруучул кызыкчылыктарына таянып шайлашат, - деп тактап өттү ал. Эгерде азыркы бийлик протесттүү электоратты тартканга кызыкдар болсо, анда балким Ширин Айтматовага шанс берилет. Шайлоодогу ийгилик көз каранды болгон дагы бир фактор бул каражат. «Үмүт 2020» кыймылын олигархтар каржылаган шартта ийгиликтүү боло алышы мүмкүн. Бирок, Ширин, аларга каршы чыгып жаткандай, демек, ал системага каршы чыгып жатат.
Саясат таануучу эл аралык коомчулук Кыргызстандын бийлигине Айтматованын кыймылынын өнүгүшү үчүн кысым көрсөтүшү да ыктымал экендигин кошумчалады.
- Мен бирок, баары бир анын демилгесинин иштеп кетишине күмөн санайм, - деди Сариев.

Өз кезегинде укук коргоочу Рита Карасартова «Үмүт 2020» кыймылынын келечеги бар деп ишенет.
- Кыймылдын лидери ким экендигин ойлоп отуруунун кереги жок, негизи эле белгилүү бир кишинин артынан баруу түшүнүгүнөн кетүү керек, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде.- Лидерлер менен чектелбечү убакыт келди. Мурдагы революцияларды элдер жасап, андан кийин бийликке келген саясатчылар келип: «Менин артымдан мынча-түкүнчө киши чыкты» деп соодалашканы биздин эсибизде.
Рита Рахмановна элге азыр ушул сыяктуу долбоорлор керектигин кошумчалады.
- Башкысы, реформанын конкреттүү планын жана аны ишке ашыруунун так мөөнөттөрүн иштеп чыгуу, - деп тактады ал. - Мындан ары реформаларды беш жылга чоюу болбойт.
Тактай кетсек, Эгемендик күнүнө карата экс-депутат, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова кыргызстандыктарга кайрылып, уурулар менен коррупционерлердин, мандатын жеке кызыкчылыктары үчүн колдонгон депутаттардын бетин ачып, өлкөнүн өнүгүшүнүн альтернативдүү жолдорун сунуштай турган «Үмүт 2020» элдик кыймылын түзгөндүгүн билдирген.
Айтматова республикада системалык коррупция тамырлап алгандыгына: орточо эмгек акылар менен отурган ач көз аткаминерлер хан сарайларды биринин артынан бири салып жатышкандыгына, чет өлкөлөрдөн кыймылсыз мүлк сатып алышып, алардын балдары болсо сырттагы акысы асман чапчыган окуу жайларда билим алып, өздөрү дүйнөгө белгилүү курорттордо эс алышаарына нааразы экенин билдирди.
«Мунун бардыгын алар бизден уурдаган акча менен төлөп жатышат, - деди ал өз билдирүүсүндө. - Элдин акчасы менен. Азыркы маалда биз элге каршы иштеген, саткын парламентке ээбиз, бир депутат анда окуганды билбесе, экинчиси коомдук транспортто жүргөндөн уялат, үчүнчүсү болсо, 9 миң сомдук маяна мамлекетте жок деп терең ишенет. Жогорку кызмат орундарына туугандарын, досторун, жеке айдоочу же күзөтчүлөрдү дайындаган аткаруучу бийлигибиз бар. Кийин булар элдик байлыкка кол салып отурушат».

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх