Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП партиясынын мүчөлөрүн «Медиа Форумга» киргизбей жатышат

КСДП партиясынын мүчөлөрүн «Медиа Форумга» киргизбей жатышат

Аскердик прокуратура тергөө иштерине шылтоодо.

КСДП саясий партиясынын мүчөлөрүн «Медиа Форум» ААКнун имаратында ижарага алган жумуш ордуларына киргизбей жатышат. Бул тууралуу КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Facebook социалдык тармагындагы өз баракчасына жазып чыкты.
Ал партиянын мүчөлөр азыркы учурда Аскердик прокуратуранын имаратынын алдында турушкандыгын билдирди.
- Тергөөчү өз кабинетине кире албай жаткан «Медиа Форум» ААКнун башкы директорун кабыл алган. Аскердик прокуратура тергөө иштерине шылтап жатат, - деп белгиледи Жолдубаева.
Партияда бул саясий партиянын ишмердүүлүгүнө түздөн түз тоскоолдук кылуу жаан мыйзам бузуу экендигин белгилешти.
- КСДП - так идеология жана тарыхка ээ болгон эң ири партия. Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөткөн партия дал КСДП, - деп жазды Жолдубаева. Азыр болсо бийлик саясий бирикмени кандай жол менен болбосун жок кылууга болгон аракетти көрүшүүдө.
 

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх