Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын вице-спикери кебетеси кеткен трибунадан чыгып сүйлөгөн. Мэрия бул боюнча түшүндүрмө беришти (фото)

ЖКнын вице-спикери кебетеси кеткен трибунадан чыгып сүйлөгөн. Мэрия бул боюнча түшүндүрмө беришти  (фото)

Түштүк калаанын муниципалитети сүрөт чагылышып калган деп ишендиришти.

Көптөгөн кыргызстандыктар парламенттин вице-спикери Аида Касымалиеванын Ош шаарында КРнын Эгемендик күнүндө чыгып сүйлөгөн кебетеси кеткен трибунаны катуу сынга алышкан. Сүрөт Facebook социалдык тармагында жайгаштырылган.


«Мамлекеттик деңгээлдеги трибунабы?», - деп жазган  колдонуучулардын бири.
Ал ортодо түштүк калаанын мэриясы Vesti.kg сайтына трибуна жаңы экендигин билдирди.
- Трибуна жаңы, ламинацияланган, - деп ишендиришти муниципалитетте. - Көптөгөн светодиоддук жарыктардан чагылышып, ушундай тактар көрүнүп калган. Ошондуктан, телевизордун экранынан трибуна ушундай көрүнүп калган. Расмий сүрөттөрдө трибуна таптакыр башкача көрүнүшкө ээ.



Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх