Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тамаша болчу: Айыппулдар жөнүндөгү маалыматтар «Коопсуз шаардын» базасынан өзүнөн өзү жоголбойт

 ЖККББ «өзүнөн өзү» кетип калат деп ишенгендердин үмүтүн өчүрдү

Жол тартибин бузуу жөнүндөгү маалыматтар айып пул төлөнбөгөн учурда кандайдыр бир убакыттан кийин «Коопсуз шаардын» базасынан жоголуп кетпейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын ИИМнин ЖККББнын басма сөз кызматында билдиришти.
Мындай «сонун» жаңылык менен Facebook аркылуу юрист Атыр Абдрахматова бөлүшкөн эле.
«Такси айдоочусу менин оозумду ачырды. Ал ага ГАИ кызматкерлери айыппулдарды төлөбөй эле койсо болоорун, анткени, алар 6 айдан кийин «Коопсуз шаардын» базасынан жоголуп кетээрин айтышканын мага кабарлады», - деп жазган ал. Ошондон бери 2-3 айыппулду төлөбөй жүргөн экен».

Абдрахматова айдоочуга бул маалымат чындыкка коошпойт экенин жеткирүүгө аракет кылганын, эгерде айыппулдар төлөнбөсө ал издөөгө алынышы мүмкүн экендигин айтканын жазып, бирок, ошол эле маалды мындай ушактарды ким чыгарып жатат деген ойго түшкөн.
«Же биз бир нерсе укпай калдыкпы?» - деген ал.

ЖККББнын басма сөз кызматы жарым жылдан кийин маалыматтар базадан өчүрүлөт деген сөз чындыкка дал келбейт деп ишендиришти.
- Бардык маалыматтар базада 3 жыл сакталат, - деп түшүндүрүштү алар Vesti.kg сайтына. Алар жол эрежесин бузган айдоочу каза тапса же анда психикалык оору табыса гана алынып салынат. Мыйзамду ушундай жазылган. Ал эми үч жылга чейин, сот аткаруучулары айыппулдун төлөнүшү үчүн бардык чараларды көрүшөт.
Айдоочу бир айдын ичинде өз эрки менен айып пулду төлөй алат (эки жуманын ичинде жетишсе жарымын гана). Андан кийин 3 ай арасында туум кошулат.
Эгерде айыппул ушул убакыт ичинде да төлөнбөсө, сот аткаруучулары айдоочунун транспорт каражаты айыппул толугу менен төлөнгүчө камакка алынышы мүмкүн.
Эскерте кетсек. КРнын ИИМнин маалыматына ылайык, 2019-жылдын 7 ай аралыгында Бузуулардын бирдиктүү реестринде 267 миңден ашык протокол катталып, 426 миллион сомдон ашык айыппул салынган.
ЖККББ берген маалыматтарга ылайык, азыркы күнгө чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 400 миңден ашык жол тартибин бузуулар катталган. Алардын ичинен 178 миңге жакыны 200 млн сомдон ашык айыппулду төлөшкөн.


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх