Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Текебаевге түштүктө кадыр-баркка ээ, байланышы көп Мырзакматов керекпи?

 Серепчилер боштондукка чыккан «Конституциянын атасы» саясий шериктештерди издеп баштады деген пикирде

Өмүрбек Текебаев саясий тыл түзүүдө эски ысымдарды кармана бербей жаш саясатчыларга көңүл бурушу керек. Мындай оюн Vesti.kg сайтына саясат таануучу Аркадий Гладилов бөлүштү.
- Тарапташтар бардыгына керек, анын ичинде Текебаевге дагы, - деди ал. - Бирок, бизде саясаттын бардыгы он-жыйырма фамилиянын тегерегинде эле айлана берет. Бул маалда көптөгөн жаш жана күчтүү саясатчылар көз жаздымда калып жатат. Саясий элитаны жаңыдан куруу абзел.


Муну менен бирге, серепчи мурдагы депутатка Мелис Мырзакматов жакшы шериктеш болуп берээрин да макул - Оштун экс-мэри Кыргызстандын түштүгүндө азыркыга чейин күчтүү байланыштарга ээ. Анын пикиринде Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев дагы ушундай эле абалда.
Гладилов айрымдар божомолдогондой мурдагы оппозициячыл саясатчылар «эркиндиктерин лоялдуулукка» сатып алышты деген ойдон алыс, «карт бөрү» Текебаев азыркы бийлик менен соодалашууга бармак эмес, ал оппозицияда калат деп ишенет ал.
- Бабанов болсо башынан эле көз карандысыз жана лоялдуу эле. - Ал президенттик кампания маалында эч кимди коркутуп-үркүтүп, намысына шек келтирген эмес. Лоялдуулук - анын саясий имиджинин бир бөлүгү.

Мындан сырткары Гладилов,дун айтымында божомолдонуп жаткан бийликтегилер менен мурдагы оппозиционерлердин ортосундагы макулдашуу - Кыргызстандын саясий аренасында азыр тургандар үчүн өтө татаал оюн.
Саясат таануучу Камчибек Султанбеков Өмүрбек Текебаев айланасына тарапташтарды, анын ичинде өлкөнүн түштүгүнөн да чогултууга билек түрө киришип баштагына кошулат.
- Президент Сооронбай Жээнбековго карата анын айтылып жаткан лоялдуулугу - күмөн туудурат, - деген оюн билдирди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. Текебаев камакта, Бабанов качып жүрдү. Негизи алар мамлекет башчысына каршы биригип алышса деле болот болчу. Бирок, азыр - көптөгөндөр бошотулгандан кийин оппозиция мындай кадамга бара албайт го. Андыктан, Жээнбеков тараптан бул жөн гана туура саясий кадам болуп калды.
Саясат таануучу Чинара Эсенгул Кыргызстанда кылмыш жана жарандык иштер эчак эле саясат менен жуурулушуп кеткенин белгиледи. Мелис Мырзакматов мисалы, 2010-жылдагы улут аралык жаңжалда чоң роль ойногон, ошондуктан, анын күнөөсү бар же жоктугуна сот өтө кылдат текшериши керек.
- Анткен менен, Оштун мурдагы мэринин түштүктө салмагы чоң жана Өмүрбек Текебаевдин «Ата-Мекендин» курамын анын жардамы менен жаңыланткысы келип жатканы жакшы түшүнүктүү, - деди ал Vesti.kg сайтына. – «Ата Мекендин» абалы бүгүнкү күндө өтө жакшы эмес, андыктан ал кандай болсо да жыйынтык алууну көздөөдө.

Эсенгул азыркы бийлик менен «ырайымдуулук алган» оппозиционерлердин ортосунда сөзсүз кандайдыр-бир макулдашуу болгон, - антпесе Өмүрбек Бабанов мисалы, аны күтүп жаткан кылмыш иши турганда Кыргызстанга эч качан кайтып келмек эмес деген пикирде. Бул саясатчылар бирок, эми коркпой эле койсо болот дегенди түшүндүрбөйт - биринчи туура эмес кадамда тергөө алардын күнөөсүн далилдеп коет.
- Соттук жана аткаруу система бизде бейтарап жана көз карандысыз эмес, - деп баса белгиледи саясат таануучу. - Ал эми эң коркунучтуусу - биз бул же тигил саясатчы кылмыш кылтыбы же бул жөн гана саясий куугунтукпу биле албайбыз.
Бүгүн мурдагы депутат жана «Ата Мекен» партиясынын лидери качууда жүргөн Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов саясий туткун экенин, ал эми ага карата козголгон иш - жомок деп билдирди.
«Бул кылмыш иши боюнча 20 кишиге айып тагылган. Алардын 19 акталып чыкты, жалгыз Мелис Мырзакматов шектүү катары калууда, - деди ал Жалал-Абад облусундагы өзү туулган Акман айылынын жашоочулары менен жолугушууда. - Азыркы башкы прокурордун атасы, капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп турган Асылбек Жамшитов дагы акталды. Эми башкы прокурор кечирип сурап, Мырзакматовдун ишин кайра карап чыгышы керек».

2019-жылдын 29-августунда Биринчи май райондук соту «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарган.
12 -сентябрда алардын кылмыш иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча Биринчи май райондук сотунда каралат.
Мелис Мырзакматовго карата КРнын ККнин 3304-беренеси боюнча «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып коюлган. Ал Кыргызстандан качып кетип, издөөгө алынган.

Ольга Федорчук
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх