Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Евгения Строкова ага «2 млн сомдук оборотко ээ» фонд эмне үчүн керек экендигин айтып берди

Депутат шамал кайдан согуп жаткандыгын божомолдоду

ЖКнын депутаты Евгения Строкова «Жаңы убакыт» фондунун финансылык документтерин коомчулукка көрсөтүп, мындай жол менен ал фонд эч качан иштебегендигин далилдеп берген жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына парламент өкүлү өзү маалымдады.
- Фонд мен депутат боло электе түзүлгөн, бирок, тилекке каршы иштеп баштаган эмес, - деп тактады ал. - 2015-жылдын жаз айларында биз фондду түзүп баштаганбыз, ал эми августта мен партиянын списогуна кошулганымды билгем. Фонд чынында эле азыркыга чейин бар, бирок, мен анда директор эмес негиздөөчүмүн. Экинчи негиздөөчү Евгений Иванов Бишкектин 62-мектебинде эмгектенчү жана Октябрь районундагы жаштар кыймылынын башында турчу. Ал чыгармачыл адам, фонд дагы билим жана маданиятты колдоо жаатында иш алып бармак.
Евгения Григорьевна борбор калаанын Октябрь районунун Билим берүү борборун жетектеп турган маалда, мугалимдерди ар кандай тренинг жана курстарга жиберүүгө каражат издөөгө туура келчү экенин белгиледи.

- Мен мисалы, мугалимдерди кесиптик дараметтин туюкка такалуусунан кантип сактануу керектиги жөнүндө тренингдерге алып барчумун, ошондой эле биз Стамбулга тажрыйба алмашууга да барганбыз, - деп тактады ал. - Мына ошол маалда фонд түзүү идеясы келген. Биз муну менен ушул өңдүү максаттарга кошумча каражат таба алабыз деп ишенгенбиз. Азыр бул ишкананын бардык отчеттору нөлдөр менен тапшырылууда, ал аркылуу бир дагы жолу каражаттар өткөн эмес. Мен фонд тууралуу таптакыр унутуп калган деле эмесмин, болгону ага маани деле бербей келгем. Депутат болбой калгандан кийин аны иштетип баштайм деген ойдо жапкан жокмун.

Муну менен бирге Строкова анын фонду тууралуу чындыкка дал келбеген сөздөрдү ким чыгарышы мүмкүн экендигин дагы божомолдоду.

- Менин оюмча, балдар онкологиясы менен байланышкан фонддордун тиешеси бар, - деди эл өкүлү. - Менин фондума чапташтырып жатышкан суммалар дагы ошол жактан алынган болушу мүмкүн. Ошолордо мындай суммалар тегерениши толук мүмкүн. Мыйзам боюнча фондду өнүктүрүүгө обороттун 2 пайызын гана колдонууга болот. 10-15 пайыздарды деле сарпташаарын мен бир далай уккам. Мына ошон үчүн ушундай суммалар айтылууда. Азыр менин фондум иштебегенин далилдеген бардык документтерди даярдап жатам. Балким Каржы полициясы менен башка түзүмдөргө дагы кайрылышыбыз мүмкүн.

Тактай кетсек, Economist.kg каржы басылмасы иликтөө жүргүзүп, депутат Евгения Строкова мыйзамга каршы чет элдик катышы бар жана эки миллион долларлык обороту болушу мүмкүн делген коомдук фонддун негиздөөччүсү экенин аныктап чыккан.
Басылманын маалыматтары боюнча чет элдик үлүшү бар «Жаңы убакыт» «Кыргыз-Орус билим жана маданиятты өнүктүрүү» коомдук фонду Кыргызстанда 2015-жылдын 19-июнунда пайда болгон. Анын негиздөөчүлөрү катары Строкова Евгения Григорьевна жана Иванов Евгений Иванович катталган. Евгений Иванов ишкананын жетекчиси болуп дайындалган.
«Бул фонддун пайдасына ким жана канча акча которгондугу тууралуу расмий маалыматтар жок. Бирок, дүйнөлүк компания жана контрагенттердин эң ири базалары Dun & Bradstreet жана орусиялык «СПАРК» аталган фонддун мүмкүн делген киреше акчасын жазып чыгышкан - оңой-олтоң сумма чыккан эмес- – 1 млн 845 тысяч долларов или 129 млн сомов», - деп билдирет Economist.kg.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх