Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурдин Тынаев: Эрик Ашыралиев 8 батир саткан эмес. Алар Тюлеевден конфискацияланган

 Бишкек мэриясынын ММБнын башчысы анын кол астында иштеген көз боемочу кызматкер жакшы таасир калтырган, интеллигент үй-бүлөдөн болгондугун белгиледи

Шаардык муниципалитеттин мурдагы кызматкери Эрик Ашыралиев сегиз батирди сата алмак эмес, анткени, аларды мэрия конфискациялаган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев билдирди.
- Эрик Ашыралиев бизге башка кызматкерлер сыяктуу эле орношкон, - деди ал. Ал бизде IT маселелери боюнча адис болуп иштечү. Ишинде жакшы таасир калтырчу. Бардык милдеттерин мыкты аткарчу. Ашыралиев билимдүү адам, интелигент үй-бүлөдөн. Менин билишимче, ал буга чейин да IT адиси болуп эмгектенген. Белгилей кетиш керек, кечээ ЖМКларда туура эмес маалымат берилип кетти. Эрик Ашыралиев сегиз батирди саткан эмес. Алар Нариман Тюлеевден конфискацияланган, Бишкек мэриясынын балансында.

Муну менен бирге ал Эрик Ашыралиев менен байланыша албаганын маалымдады.

- Ашыралиев батирлер менен эч кандай операцияларды жүргүзө алмак эмес, - деп кайталады Тынаев. Ал аукциондун протоколдорун бурмалап, алдоо жолу менен элдик акчасын алып алган. Бул окуядан кийин мен аны менен сүйлөшө албадым. Ал телефонун өчүрүп, изин жашырып кетти. Республикалык издөөгө алынды. Укук коргоо түзүмдөрү аны жакын арада табышат деп ойлойм. Мындан кийин биз кызматкерлерибизди дыкат текшерип, кызматка алабыз, аларга коюлган талаптар дагы күчтөндүрүлөт. Иш бөлмөлөргө байкоо камераларын орнотуп чыктык.

Эскерте кетсек, Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев башкармалыктын кызматкери Эрик Ашыралиевдин мыйзамсыз аракеттерин аныктап чыккан. Ашыралиев алдамчылык жолу менен, документтерди бурмалап жасап, жарандардын акчалай каражаттарына ээлик кылып алган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх