Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фарид Ниязов 12 орундук камерада кармалууда

Жактоочунун айтымында президенттик аппараттын мурдагы башчысы кармалгандан бери бир дагы жолу суракка алына элек

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду ага карата козголгон кылмыш иштери боюнча али бир да жолу суракка алыша элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу маалымдады.

Ниязовдун адвокатынын айтымында ал башка иштер боюнча күбө катары суракка алынууда. Белгилей кетсек, ага КРнын ККнин 244-беренеси («Барымтага алуу»), 264-берене боюнча («Массалык башаламандыкты уюштуруу») жана 43- беренеси («Кылмышка катышуу») боюнча айып тагылган.

- Кармалгандан бери эч кандай тергөө аракеттери жүрүп жаткан жок, - деп тактады адвокат. - Тергөөчүлөр эмне үчүн ал суракка алынбай жатканын түшүндүрүшкөн жок. Абалы жакшы, эч кандай дооматы азырынча жок.
Юрист ошондой эле Ниязов 12 орундук камерада кармалып тургандыгын, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башка тарапташтары менен байланышы жок экендигин айтып берди.

Эскерте кетсек, Фарид Ниязов 7-августта Кой-Таш айылына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого келген УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы кызматкерлерин барымтага алуу боюнча шектелүүдө.
Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы үстүбүздөгү жылдын 8-октябрына чейин камакка алынган.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх