Өмүрбек Текебаев бүгүн Бишкекке кайтып келет
Сот ага 4-сентябрга чейин чыгуура уруксат берген
ЖКнын мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев бүгүн Жалал-Абад облусунан Бишкекке кайтып келет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Ата Мекен» партиясынын катчылыгы билдирди
Маалым болгондой, саясатчы 1-сентябрь күнү Базар-Коргон районундагы Акман айылына апасын көрүүгө кеткен.
- Сот ага 4-сентябрга чейин уруксат берген, бүгүн кечинде Өмүрбек Чиркешович Бишкекке кайтып келет, - деп билдиришти «социалчылар».
Эскерте кетсек, буга чейин Биринчи май райондук соту саясатчыны үй камагына чыгарган.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз