Алмазбек Атамбаев СИЗОнун китепканасын бүт окуп чыгып, дене тарбия менен машыгууда (видео)
«Абалы сергек көрүнөт. Шарттарына даттанган жок»
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары - Жогорку Кеңештин депутаттары - Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранова УКМКнын СИЗОсуна барып, андан кабар алышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Карамушкина билдирди.
Анын айтымында Атамбаев ал жактагы болгон библиотеканы окуп чыккан.
- Партиялаштар катары биз Алмазбек Атамбаевге барып, кандай шарттарда кармалып жатканын сөзсүз көрүшүбүз керек эле, - деди Карамушкина. - Эч кандай доо-арызы жок. Ал бардык библиотеканы окуп чыгып, дене тарбия менен машыгып жатканын айтты. Өзү сергек көрүнөт, кармалуу шарттарына арызданган жок.
Мындан сырткары, мурдагы президентти көрүүгө анын жакындары - жубайы Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр да барышкан.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 26-октябрга чейин кармалган. Аны коррупция, укук коргоо түзүмдөрүнө каршы күч колдонуу, адам өлтүрүү, барымтага алуу жана массалык башаламандыктарды уюштургандыгы боюнча айыптар тагылган.
Эльдос Казыбеков
Фото www