Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бардыгын жалгыз аял-министрге шылтап коюшту»

Окумуштуулар, анткен менен билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын отставкасын күтүлгөн, негиздүү эле кадам дешүүдө

Бүгүнтөн тарта мурдагы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеваны отставкасы бүгүн болбосо эртең баары бир болмок, анын дарегине айтылган сын-пикирлер өтө эле көп болчу. Мындай оюн Vesti.kg сайтына экономика илимдеринин доктору профессор Асылбек Аюпов билдирди.

- Ал Кыргызстандагы мектептердин, мугалимдердин, окуу китептеринин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө кылган аракеттери такыр эле чабал болчу. - Башкы прокуратурада болсо азыр Индиядан заказ кылынган окуу китептери боюнча суроолор туулууда. Мындай кырдаалда министр же сындар негизсиз экенин далилдеп же кызматынан кетиши керек.
Профессор Кудайбердиева өлкөдөгө билим берүү жаатындагы көпөтөгөн көйгөйлөрдү өз көзөмөлүнө алып, билек түрө кирише алган жок деген пикирде.

Илимдин дагы бир башка өкүлү - юридика илимиин доктору профессор Толон Абдыров билим берүү министринин отставкасы күтүлгөн эле кадам экенине макул, бирок, ал мекеменин жаңы башчысынын алдыга озуп, албан жетишкендиктерди көрсөтүп жибербесине көзү жетерин билдирди.

_ Кептин бардыгы системада, - деди ал Vesti.kg сайты менен болгон маекте. - Билим берүү системасын түп тамырынан өзгөрткүчөктү министрлер коендой окшош каталарды кетире берет.
Бирок, бул Кудайбердиеванын чабалдыгын кечирсе болот дегендикке жатпайт.
- Ал азыркы система менен деле жакшыраак министр боло алмак, - деди Абдыров. - Мисалы, анын орун басарларынын бири Батыркул Баетов келери менен Кыргызстандын илими үчүн жакшы иштерди жасап койду. Окумуштууралардын рейтингин дароо киргизди, айрым долбоорлорго каражат караштырып, алардын сарпталышын көзөмөлдөөнү ишке ашырды. Кудайбердиева деле ушул сыяктуу жигердүүрөк аракеттенсе болот эле.

Ал эми коомдук башталыштагы кеңешчиси, юридика илимдеринин доктору,профессор Кайрат Осмоналиев бардыгына эле жалгыз министри күнөөлүү кылуу туура эмес дейт.
- Индияда басылып чыккан окуу китептери анын дайындалышына чейин эле башталган да - дейт ал. - Ал эми мектеп директорлорун шайлоодогу, кадрдык жана каржы маселелери боюнча чырлар статс-катчынын компетенциясында. Акыркы чекит Нарындагы контейнерлерден жасалган мектептер болду окшойт.Мунун бардыгына жалгыз аял министрди күнөөлүү кылып коюшту.
Профессор министр жаңы түптөгөнк омандасы менен ишке эми киришти эле деп кейиди. Ал Кудайбердиева мекеменин башчысы катары аткарган иштери жөнүндө өзү отчет бере аларына үмүт артты.
- Ал өтө билимдүү, түшүнүктүү, келечекти көрө билген,тамашаны да түшүнгөн мыкты адис. - Аны социалдык тармактарда катуу каралоо жүрдү. Жаза алышы керек болгон орун басарлар менен статс катчы болсо кадр артында кала беришти.

Кайрат Осмоналиев Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиевдин ишине буга чейин да сын-пикирин айтып келген эле.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg президент Сооронбай Жээнбеков Гульмира Кудайбердиеванын отставкасын кабыл алганын жазган эле. Ал ээлеген кызматынан жазган арызынан негизинде бошотулган

Ольга Федорчук
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх