Чүй облусунун ИИББнын башчысы Самат Курманкулов өз алдынча дем алып баштады
Ал жакында жалпы палатага которулат
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында башынан жаракат алган Чүй облусунун ИИББнын башчысы Самат Курманкулов эсине келди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саламаттыкты сактоо министринин орун басары сообщил замминистра здравоохранения Мадемин Каратаев билдирди.
Анын айтымында эми ал жалпы палатага которулат.
- Жакшы динамика бар, - деп белгиледи ал. - Ал аппарат менен эмес өзү дем алып аштады, көзүн ачып жатат. Дагы бир эки жумадай Бурденко атындагы нейрохиругиялык борбордо дарылануусун улантат деп ойлоп жатам. Кийин Москванын реабилитациялык борборлорунун бирине которобуз.
Эскерте кетсек, Чүй облусунун ИИББнын башчысы, милиция полковниги Самат Курманкулов Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияда мээсинен оор жаракат алган.
Зулайка Эркимбаева
Фото www