Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина кайрадан суракта

КСДП анын бөгөт чарасын алмаштырылып да калышы мүмкүн дейт

Депутаттын жактоочусу белгисиз бир себептерден улам анын кызыкчылыктарын коргоодон баш тартты
Жогорку Кеүештин депутаты Ирина Карамушкина кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы президенттин кеңешчиси, КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Ирина Юрьевна ИИМнин Тергөө башкармалыгында, -деди Жолдубаева. Анын жактоочусу белгисиз себептерден улам кызыкчылыктарын коргоодон баш тартты, ошого байланыштуу депутат азыр ал жерде жалгыз. Жолдубаева укук коргоочулар анын бөгөт чарасын өзгөртүп, камап салышы да мүмкүн дейт.
Эскерте кетсек, Ирина Карамушкина барымтага алуу жана массалык башаламандыктарды уюштурууга катыштыгы бар деп айыпталууда. Биринчи май райондук соту аны үй камагына алган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх