Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таштагы окуялар боюнча түзүлгөн Мамкомиссия ИИМдин маалыматын укту 

Келерки жыйында комиссиянын мүчөлөрү Орозбек Опумбаевди, Кашкар Жунушалиевди жана башкаларды угушат 

2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында түзүлгөн абалды изилдөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. 

Мамкомиссиянын жетекчиси Жениш Разаков комиссиянын мүчөлөрүн иштин регламенти жана жыйындын күн тартиби менен таанышытырды.

Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таш айылындагы 7-8-августа болгон окуялардын чыгуу шарттарын жана себептерин изилдөө боюнча эки жумушчу топ түзүүнү чечишти. 

Андан тышкары, жыйындын жүрүшүндө комиссия Ички иштер министрлигинин маалыматын укту. 

Келерки жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Алтынбек Намазалиевдин маалыматтарын угушат. 

 Өкмөттүн аппаратынын 

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх