Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Икрамидин Айткулов: Арыздануучу бетме-бет жолугушууда мени бир дагы жолу көрбөгөндүгүн айтты 

Курсан Асановдун жактоочусуна каршы козголгон иш тергелип бүттү. Юристин ишениминде аны ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин көрсөтмөсү менен кугунтуктап жатышат

Жактоочу Икрамидин Айткуловдун сотко чейинки өндүрүш боюнча иши тергелип бүттү. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык ИИББнын маалымат кызматы кабарлады. 

- Айткуловдун иши боюнча тергөө аяктады, - дешти мекемеден. - Учурда ал жана анын жактоочусу иликтөөнүн жыйынтыктары менен таанышып жатышат. Жакынкы күндөрдө иш шаардык прокуратурага өткөрүлүп берилет. 

Ал арада Айткуловдун өзү Vesti.kg сайтына, укук коргоо органдары анын оюнча, ал берген өтүнүчүнө көңүл бурушпай, мыйзамсыз аракеттерге барышууда. 

- Алар мен берген өтүнүч менен арыздарымды карашы керек, - деп көрсөттү жактоочу. - Тергөөчүлөр менин келтирген жүйөөлөрүмдү текшербестен эле ишти өткөрүп бергилери келип жатат. Менин ишим боюнча мен ксөткөн адамдардын бардыгын суракка алышкан жок. Арыздануучу бетме-бет жолугушууда мени бир да жолу көрбөгөндүгүн айтты. Бардыгы менин клиентим болгон анын агасынын берген көрсөтмөлөрү менен түзүлгөн. 

Андан тышкары, Айткуловдун айтымында, анын иши ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кызыкчылыктарын коргогогондугу менен байланышкан. 

- Менин оюмча, бардык ушул мыйзамсыз иштер Кашкар Жунушалиевдин жетекчилиги менен жасалып жатат, - деп божомолдойт Айткулов. - Аталган учурда болсо, ал өзүнүн  кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууда.

Эске салсак, белгилүү жактоочу Икрамидин Айткуловду алдамчылыкка шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизишкен, бирок, кийинчерээк аны үй камагына бошотушкан. Бишкек шаардык ИИББ аларга бир киши аны Айткулов  алдап, 5 500 доллар алып бербей койгондугу тууралу арыз менен кайрылган. 22-августа (Алдамчылык) 204-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмышка баргандыгы тууралу шектүү катарында Айткуловго билдирүү тапшырылган. 

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх