Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКПЭӨЖдын жетекчисинин жаңы орун басары тууралу: «Өнөр жай жана жер астындагы байлыктарга анын эч кандай байланышы жок»

«Кыргызкөмүрдүн» мурдагы директору жана ОЭК боюнча эксперт Аманбай Кайыповдун дайындалышына караманча каршы

Өнөр жай, энергетика жана жер алдындагы байлыктар Мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары  Аманбай Кайыпов өнөр жайга да, энергетикага да, же жер алдындагы байлыктарга да эч кандай байланышы болгон эмес. Бул тууралу «Кыргызкөмүрдүн» мурдагы директору жана ОЭК боюнча эксперт Расул Үмбөталиев  Vesti.kg сайтына билдирди. 

- Бул абсурд дайындоо болду, - деди Үмбөталиев. - Ал бардык убак базарком эле болчу. Учурдагы ЖКПЭӨЖдын жетекчиси, Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев сыяктуу эле. Мен таптакыр каршымын. Ушундай дайындоолордун аркасынын бизде эч нерсе өнүкпөйт. 

Анын белгилешинче, 6 жылдан ашык Нарын облусун жетектеп турган маалда Аманбай Кайыпов кандайдыр бир реформалары же өнөр жайды колдогондугу тууралу эч кандай эсте каларалык нерселерди калтырган жок. Жыйынтык катары Кеңеш айылындагы контейнерден салынган мектеп калды. 

- Ал ошол эле Солтон-Сарыдагы көйгөйдү чече албагандан улам, ал жерде араздашууну пайда кылган, - деди коомдук ишмер. - Ал жерде адамдар мыйзамсыз алтын жуушат жана ошентип үй-бүлөсүн багышат. Ошондуктан, качан кытай компаниясы кен иштетүүгө лицензия алышканда, кирешелеринен ажырашкан алар ачуусу менен көтөрүлүшкөн. Ыйгарым укуктуу өкүл аларга башкача жол менен каражат табууга мүмкүнчүлүк бериши керек эле. Мисалга, мыйзамдуу түрдө артелдерди түзүүгө. А Кайыпов болсо, иштин көзүн тапкан эмес, эми бул жерде да иштей албайт. 

Бир канча күн мурда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов өз арызы менен кызматынан бошотулган. Бир аз убакыттан кийин аны  ЖКПЭӨЖдын жетекчисинин орун басары кызматына дайындашкан. Ал Жыргалбек Сагынбаевдин ордуна барган.

Эске салсак, Аманбай Кайыпов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «физика» адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1990-жылы КУУнин комсомол комитетинин төрагасынын орун басары жана университеттин студенттик кесиптик кошунунун төрагасынын орун басары болуп баштап, андан кийин Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ж.Кайыпов атындагы мектепте директордун орун басары болуп иштеген. 

1995-жылдан 2010-жылга чейин «Дордой базары» ЖЧКнын директорунун орун басары болуп иштеген. 

2011-2012 -жылдарда – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, бюджет жана каржы боюнча туруктуу комитеттин төрагасы болгон. 2013-жылы  Бишкек шаардык кеңешинде КСДП фракциясынын жана БШКдеги коалициялык көпчүлүктүн лидери болгон. 

2013-жылдын 3-декабрынан баштап 2019-жылдын 4-сентябрына чейин КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.  

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх