Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин жактоочусу ИИМге байланыштуу сотко арыз менен кайрылат

Сергей Слесарев тергөө кызматы КЖКнин нормаларын бузуп жатат деп эсептейт 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу - Сергей Слесарев - анын көз карашынча, ИИМдин туура эмес укуктук аркеттеринин фактылары боюнча сотко арыз менен кайрыла тургандыгы тууралу ниети бар экендигин  Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүсүндө билдирди. 

Юристин айтымында, ал өзү жана ал жактаган адам иштин материалдары менен таанышууга физикалык жактан жетишпей жатабыз жана муну менен ИИМ Кылмыш - процессуалдык кодексинин нормаларын бузуп жатат деп эсептейт. 

- ИИМ тарабынан жактоочу жана шектелген адамдын иштин материалдары менен таанышуу үчүн убакыттын чектелгендигине байланыштуу Кылмыш - процессуалдык кодексинин нормалары бузулган, - деди Слесарев. - Иштин материалдары менен таанышууга толук бир күн берилди жана андан кийин эле Атамбаевди жактоочулар иш менен таанышууну узартып жатышат деп токтом чыгарышкан. 

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 26-октябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ага карата коррупция, укук коргоо органдарына карата күч колдонуу, адам өлтүрүү, барымьага алуу жана массалык тартип бузууларды уюштурган деген айыптар тагылган. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх