Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Окумуштуулар жана окутуучулар билим берүү министри кызматына сунушталган ОшМУнун ректору тууралу эмнелерди айтышат? 

«Коррупция бар болгон жерде, мындай өнүгүү болбойт»

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков – билим берүү министринин кызмат ордуна татыктуу талапкер. Ушундай пикири менен КР Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары, КР ЖК 6-чакырылышынын депутаты Элмира Иманалиева Vesti.kg сайты менен бөлүштү. 

- Аны ОшМУнун ректору кызматындагы жасаган иштери менен бааласак, анда ал материалдык-техникалык базаны, жалпы эле ЖОЖдогу билим берүү процесси үчүн жетишээрлик көп иштерди жасаган, - деди ал. - Мен аны татыктуу талапкер деп эсептеймин. 

Тарых илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жалпы тарых кафедрасынын башчысы Айнура Арзыматова министрдин мурдагы орун басарынын пикирине кошулат. 

- ОшМУнун ректорлук кызматында Исаков өзүн эффективдүү менеджер катары көрсөтө алды, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Илимий-окутуучулук курам муну тастыктайт. ЖОЖдо жаңы окуу корпустары менен жатаканалар пайда болду, башка жогорку окуу жайларына караганда айлык акылары кыйла жогору. ОшМУда коррупция тууралу айтышат, бирок, мен андай окуялар жөнүндө уккан эмесмин. 

ОшМУнун мурдагы окутуучусу, учурда  «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык комплексинин агартуу бөлүмүнүн башчысы Эмирлан Мырзабеков, түштүк борборубуздун башкы университетинде байкалгандай, коррупция бар жерде, мындай өнүгүү болбойт.  

- Корпустарды жаңырттык, лабораторияларды ачтык, онлайн режиминде сайтта студенттер алган балл жарыяланган система түзүлдү, - деп көрсөттү ал Vesti.kg сайтына. – Каныбек Исаков чет өлкөлүк ЖОЖдор менен байланышты түздү, мисалга, Чехия мамлекеттик университети, Кытайдын, Кореянын университеттери менен. Алмашуу боюнча ошол эле Чехия, Кытай, Кореяга барып окуп жатышат. Бизге болсо, Өзбекстан жана Тажикстандан студенттер келип окушууда. 

Мырзабеков билим берүү системасы реформаларга муктаж,  жана ОшМУнун ректору эффективдүү менеджер катары өзүнүн тажрыйбасын өлкөбүздүн аймагында колдонушу керек  деп белгиледи.

Кыргызстандыктар көпчүлүк учурларда ОшМУну өлкөдөгү  эң паракор ЖОЖдордун катарында деп эсептешет. ЖОЖдун жетекчилиги бир канча жолу паракорчулукка каршы күрөш жүргүзүү кампаниясын жарыялашкан. Алардын бири катары убагында Vesti.kg сайты жарыялаган студенттердин ата-энелеринин балдарынын академиялык карыздары тууралу смс-кабарлоо кызматынын киргизилиши болгон. 

Эске салсак, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Каныбек Исаковдун талапкерлигин билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо тууралу сунуштаган. Ал 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректорлук кызматын ээлеп келет.

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх