Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Текебаев сизди мүрзөгө чейин алып барат деп Атамбаевге эскерткенбиз. Ошол эле сөздү Жээнбековго да айтабыз» 

Эксперттер  «Ата Мекендин» лидеринин чоң саясатка кайтышында өтө эле төмөн мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептешет   

Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев бийлик менен кызматташууга даярмын, бирок, анын мага анчалык кереги жок дейт. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына саясат таануучу Аркадий Гладилов бөлүштү.

- Мелис Мырзакматов сыяктуу оппозициялык маанайдагы саясатчылардын арасында Текебаевди өзгөчө колдоо жок, - деп белгилейт саясат таануучу. - Мүмкүн, азыр, бийлик менен кызматташуу тууралу айтып жатып, Өмүрбек Текебаев өз каалоосун чындык катары көрүп жатса керек, себеп дегенде, анда башка варианттар жок. Бул деген бийлик аны менен кызматташат дегендик эмес. Көптөгөн саясатчылар аларды бурчка такаганда, ушундай сөздөрдү айтып башташат. 

Аркадий Аркадьевич «Ата Мекендин» заманы өттү, ал эми «Конституциянын атасынын» тарапташтарынын тегереги кыйла тарыды деп кошумчалады. 

-Өмүрбек Текебаев саясатта «эски түлкү» жана ал парламенттин жаңы чакырылышына кирүү ага оңой болбой тургандыгын түшүнүп турат, - деп ой таштайт Гладилов. - Анда «олтургандын» имиджи бар экендигине карабастан, туурасында эле нөлдүк шанска ээ.  Табигый нерсе, ага тарапташтарды издөөгө туура келет. Бирок, учурдагы абалда, кылмыш ишин кайра кароо - бул гумандуулуктун акты, жана ал Текебаев үчүн иштебейт, мына, соттор акыйкат боло баштады деп бийлик үчүн керек болгон иш чара экендигин түшүнүшүбүз керек. 

Ошол эле учурда саясат таануучу көпчүлүк биздин саясатчыларыбыздын кейиштүү көйгөйү убагында эс алууга чыгып кете албагандында деп билет.  

- Саясатчылардын көпчүлүгү керек болсо 90 жашында да саясатта калууну ойлошот, бирок, алтымыштан кийин чечимдерди тездеп кабыл алуу ылдамдыгы кыйла төмөндөйт, ошол эле учурда мурдагы акыл деле тайыйт да, - деди Гладилов. - Ошондуктан бул мезгилде аренадан кетүү туура чечим болот. Эң өкүнүчтүүсү жаңы саясатчылардын алдыда көрүнбөй жаткандыгы. 

Өз кезегинде мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева алдын ала келишпей туруп, Текебаевди үй камагына чыгарышпайт эле жоромолдоду. 

- Саясаттын мындай деңгээлдеги фигураларын алдын ала сүйлөшүүсүз түрмөдөн чыгарышпайт, бардык убак ушундай болгон, - деди ал Vesti.kg сайты менен болгон сүйлөшүүдө. - Ал эми Текебаевдин бийлик менен боло турган кызматташуу тууралу сөзү жөнүндө болсо, мени Сооронбай Шариповичтин кыраакылыгын жогото баштаганы өкүндүрүп жатат.  Ошол 2012-жылдары эле Атамбаев парламенттик коалициядан «Ата Журтту» чыгарып, «Ата Мекенди» киргизгиле деп айтканда, бул жакшылыкка алып келбейт деп, мен президентке эскерткенмин. Мен ошондо «Алмазбек Шаршенович, сиз душмандарыңызды алыстан издебеңиз, алар жаныңызда эле турат. Текебаев сизди мүрзөгө алып барат» деп айтканмын. Ошол эле сөздү азыркы президентке да айтамын.  

Жылдызкан Айтибаевна бийлик тарабынан саясатчыларга карата кош стандарттар колдонуларын кошумчалады. 

- Аида Салянова үй камагында жана Бишкекте гана болушу керек, а Текебаев бүт өлкөнү кыдырып жүрөт, - деп мисал келтирди мурдагы парламентарий. - А Садыр Жапаров менен эмне кылып жатышат? Ал өз принциптеринен тайган жок жана түрмөдө олтурат. Арийне, Жапаровду гана өз мекени үчүн күйгөн адам деп эсептесек болот. Аны эң жакын адамдарынын өлүмү да сындыра алган жок.

Түшүндүрүп кетсек, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев колониядан чыккандан кийин Elgezit.kg сайтына интервью берип жатып, башка сөздөрдүн арасында, бүгүнкү күндөгү саясий күчтөр менен, ошол эле учурда, бийлик менен дагы кызматташууга да даяр экендигин белгилеген. 

 «Эгер алдыдагы өзгөчө милдеттер тууралу айтсам, менин башкы көйгөйүм болуп, жогорку басымдагы тарапташтарды күтүү саналат, - деген ал журналистерге. - Көпчүлүк чын дилинен менин келип туруп, батька сыяктуу ойлонуштуруп, бардыгын жер-жерине коюп, маселер чечилет деп ишенишет. Ошол эле учурда менин тарапташтарымдын арасында - түрдүү топтор, керек болсо, бири-бирине каршы келгендер, жана принцибинде бири-бирине ыңгайлаша албагандар бар.  Мен бардык каражаттарды өз ара түшүнүшүн, ага жетишүүнүн мөөнөтүн, ал тарапташтарымдын көңүлүн түшүрбөс үчүн, популизмге берилип кетпеши үчүн табышым керек. Менде мына ушундай өтө чоң талапты аткаруу милдети турат». 

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх