Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын депутаты: Өкмөт биринчи жолу министрдин кызматына татыктуу талапкерди сунуштады

Өкмөттө Билим берүү министрлигинин башчылыгына көрсөтүлгөн ОшМУнун ректорун мактап жатышат

Кыргызстандын өкмөтү биринчи жолу министрдин кызматына татыктуу талапкерди сунуштады. Мындай оюн парламенттик комитеттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билим берүү министрлигинин башчылыгына сунушталып жаткан ОшМунун ректору Каныбек Исаковдун талапкерлиги боюнча билдирди.

- Буга чейин өкмөт тажрыйбасы жок талапкерлерди сунуштап жаткан, -деп белгиледи эл өкүлү. Азыр болсо биринчи жолу татыктуу талапкерди сунушташты.
Жыйындын жүрүшүндө дагы бир эл өкүлү Кенжебек Бокоев Билим берүү министрине талапкер Каныбек Исаковдон билим берүү сапатын жогорулатуу үчүн ал кандай чара көрөөрүн сурады.

- Мыкты окугандар мугалим болбой атышат, - деди ал. Биз мектепти аяктаганда ошондой болчу. Азыр деле ушундай. Билим берүү сапатын жогорулатуу үчүн эмне кылуу керек?

Азырынча ОшМунун расмий ректору Каныбек Исаков өз кезегинде мугалимдердин социалдык статусун жогорулатуу зарыл деди.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх