Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КТРК Атамбаевди музыкалык программа аркылуу куттуктоого макулдук бербей койду

«Социал-демократтар» мурдагы президентти туулган күнүндө жөн гана кубантып коелу дегенбиз деп кейишти

КСДПнын өкүлдөрү Алмазбек Атамбаевди КТРКнын эфири аркылуу туулган күнү менен куттуктоо айтууга макулдук ала албай коюшту. Бул  тууралуу Vesti.kg сайтына социал-демократтардын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков билдирди.

-  Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү 17-сентябрь, биз коомдук каналдын «Арноо концерти» передачасынан «Кыргызстаным» ыры менен куттуктоо жиберелик дегенбиз. - Кийин жактоочулар аркылуу жибермекпиз, ал мүмкүн болгондо ТВ күйгүзүп, өз туулган күнүндө 5 мүнөт болсо да кубанып калса дедик элек.

Султанбеков, ал тарапташтары менен шартка ылайык КТРКнын кабылдамасына кирип, куттуктоого арыз калтырууга ниеттенишкенин белгиледи.

- Баш тартып коюшту.. Башкача айтканда, Атамбаевден башка бардыгын куттуктаса болот экен, -  деп кейиди ал. - Айтор, ушундай. Кечээ эле «Туулган күнүңүз менен, шеф! Сиз менен үчүн кудайдан кийинки эле орундасыз» дегендер бүгүн акча төлөп, Атамбаевге куттуктоо жиберүүгө тыюу салып жатышат.

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх