Мирслав Аманкулов Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекекеттик агенттигинин жамаатына тааныштырылды
Жаңы директорду жамаатка биринчи вице-премьер жана өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы тааныштырды
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттигинин жамааты жаңы директор Мирслав Аманкулов менен таанышты.
Жамаатка аны биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов жана өкмөт аппаратынын агро өнөр-жай жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев тааныштырды.
Мирслан Аманкуловду Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттигинин директорлугуна дайындоо боюнча токтом 6-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Буга чейин Аманкулов «Витязь» мамлекеттик ишканасынын директору кызматын ээлечү.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы
Фото www