Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция ветераны: Курсан Асановду 25 жылдан бери тааныйм. Мен ал үчүн уялдым

Баткен ШИИБнин ветерандар кеңешинин төрагасы ички иштер министринин мурдагы орун басары генерал наамына татыктуу эмес деп билдирди

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өзүнүн иш-аракеттери менен милициянын кадырына чоң шек келтирип, генерал наамын алып жүрүүгө татыктуу эмес. Бул тууралуу Баткен ШИИБнин ветерандар кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов өзүн ачык катында билдирген.

Төмөндө анын арызын өзгөртүүсүз келтиребиз:


«Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда өлкөбүздө Кыргызстан үчүн эле эмес бүтүндөй Борбордук Азия үчүн маанилүү окуя болуп өттү. Анткени, өлкөнүн мурдагы президенти камакка алынды. Саясий өңүттөн ала турган болсок, ар бир жаран бул окуяга өз баасын берет.
Мен Баткен ШИИБнин ветерандар кеңешинин төрагасы болгондуктан бул окуя боюнча өз пикиримди билдирүүнү туура көрдүм. 7-8-августтагы окуялар кыргыз мамлекети үчүн абдан кайгылуу болду. Биздин мурдагы президентибиздин иш-аракеттери абдан жаман кесепеттерге алып келди. Ал үйүнө коңшу-колоң, балдарды, аялдарды, бандит сымалдарды чогултуп алып, үйүн кайтартып, бир машине толо таш жүктөп келип, мамлекеттин мыйзамдарына караманча каршы аракет кылды.

Ал эми милициянын, ИИМнин жетекчилигинин жана министрдин өзүнүн атайын операциясын мен абдан туура жана профессионалдык деңгээлде жасалган деп эсептейм. Эгерде милициянын иш-аракеттерине жалпы баа бере турган болсок, алар өзүнүн чеберчилигин, уюшкандуулугун көрсөтүп, операцияны ийгиликтүү ишке ашырышты деп эсептейм. Бул учурда милиция өз милдеттерин так жана кылдат аткарды.

Албетте, коомчулукта, бул окуялар боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Мен башында айтканда эле, мен саясий өңүттөн баа бере албайм. Болгону, андагы министрдин орун басары Курсан Асановдун дарегине айтылып жаткан айыптар боюнча өз пикиримди билдире алам. Мен, анткени, бүткүл өмүрүмдү милицияга арнагам. Мындай абалда мен ар дайым милицияга болгон мамилемди билдирип, анын ар намысын коргоп келем. Мына ошондуктан, айтаарым, Курсан Асанов өзүнүн аракеттери менен милициянын кадырына өтө чоң шек келдирди. Мен ал үчүн өтө уялдым. Ооба, мен Курсан Асановду 25 жылдан бери тааныйм. Аны кыргыздын бычакка сап жигити, калыс генерал, министрдин мыкты орун басары деп эсептечүмүн. Ал, өзүнүн жасаган иштери менен көңүлүмдү калтырды. Айтор, ал генерал наамын алып жүрүүгө татыктуу эмес деп эсептейм.

Андан бери бир аз убакыт өттү, Асановго айыптар тагылды, иш иликтенип жатат. Бирок, Атамбаевге каршы кээ бир далилдер жоголуп кетти, алар Курсан Асановдун уулунун, жансакчысынын аркасы менен жоголуп, коомчулукка кээ бир жашыруун маалыматтар Асанов тарабынан каршылаш тарапка жеткизилгени маалым болду. Эгерде бул фактылар толугу менен далидене турган болсо, анда Асанов өзүн оф көрүлүшү керек», - деп жазган Баткен ШИИБнин ветерандар кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх