Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Милиция кызматкерлери Курсан Асанов тууралуу жакшы пикир билдиргенден кооптонушууда» 

Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери ИИМнин башчысынын мурдагы орун басары жөнүндө ар кандай пикирде. Баткендик кесиптешине кошулбагандар дагы бар

Милиция кызматкерлери Курсан Асанов тууралуу жакшы пикир билдиргенден кооптонушууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын Куралдуу күчтөрүнүн ардагери, отставкадагы полковник Анвар Сартаев билдирди.​

 - Мен Курсан Асановду 2010-жылдан бери тааныйм. - Мен анда КРнын акйкатчысы Турсунбек Акундун көз карандысыз комиссиясынын төрагасынын орун басары элем. Жумуш боюнча кезигип калчубуз. Ардагерлер маселеси бардык күч түзүмдөрүнө тийиштүү болуп саналат. Ал маалда милиционер, пенсионер, аскер адамдарынын абалын начарлаткан көптөгөн демилгелер козголчу. Курсан Асанов Жогорку Кеңештин депутаты катары ар дайым биздин кызыкчылыктарыбызды коргочу. Жеке мен ал жөнүндө жакшы гана пикирдемин. Кой-Ташта болуп өткөн окуя, менимче саясий буйрутма. Ар бир эле жетекчиге көзүңдү карап турган кызматчылар керек. Курсан Асанов болсо андай адам эмес. Ал өтө билимдүү, эч нерседен коркпойт. Асанов Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүгө барып, аны көндүрдү. Бул ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Анвар Айдаровичтин пикиринде ИИМнин башчысынын мурдагы орун басарына сыйлык бериш керек.

- Асановго, тескерисинче сыйлык бериш керек. Мен 2004-жылдан бери биздин мамлекеттеги бардык пенсионерлердин кызыкчылыгын коргоп келе жатам. Милиция кызматкерлери Курсан Асанов боюнча, жетекчиликтеринен коркуп, жакшы сөз айткандан кооптонуп жатышат. Анткени, алардын туугандары же Ак үйдө же дагы башка жерлерде эмгектенишет. Мен жападан жалгыз ардагерлердин социалдык укуктары үчүн күрөшүп келем. Курсан Асанов - күчтүү генерал. Башка күч түзүмдөрүнөн мен баалаган жалгыз адам - ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев. Ал госпиталь, аскер поликлиникасын түптөдү.

 Ушундай эле пикирин Vesti.kg менен Нарын облусунун ИИБнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Жолдош Тентимишев бөлүштү.​

 - Курсан Асанов – татыктуу генерал, - деп белгиледи ал. Анын калк арасында кадыры абдан бийик. Ага негизсиз айыптарды тагышты. Менин оюмча, ал акталышы керек. Ал ар дайым Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн алдында кыска жана нуска жоопторун берчү. Курсан Асанов өз наамына татыктуу. Жумуш боюнча мен аны менен бардык маселелер боюнча чогуу иштечүбүз.

Ал ортодо Чүй облусунун ИИМнин Ардагерлер кеңешинин өкүлү Рафаил Гаипов Курсан Асановго генералдык наам негиздүү берилгендигине күмөн санаарын билдирди.​

 Мен 22 жылдан бери пенсиядамын, - деди ал. Канча министр келди, бардыгы генералдык наамды сатып алышкан. «Генералиссимус» эле жетишпейт. Кедейчилик, тартипсиздик жердин бардыгында. Пенсияга 2019-жылы 40 пайыз кошобуз дешти эле. Азыр болсо 30 пайыз деп калышыптыр. Иш жүзүндө болсо, эч нерсе жок али. Акча бардыгын кылат. Курсан Асанов менен эч качан иштекен эмесмин. Атамбаев менен ызуу-чуусуз эле бардыгын бүтүрсө болот эле. Бардыгы чечилген болчу, спецназдын эмне кереги бар эле? Атамбаев - күбө. Ал барууга өз макулдугун берген эле. Эмнеге куралданган спецназ Атамбаевди жеткирди? Мындай өмүрү болгон эмес. Биз бүткүл дүйнөгө шылдың болдук. Асанов ушунун бардыгына себепкер болду.

Муну менен бирге Гаипов Курсан Асановдун ордуна келген Памир Асанов тууралуу оң пикирде экенин билдирди.

- Памир Асановду жакшы билем, – деп сөзүн улантты ал. Иштешип калганбыз. Жакшы гана ойдомун ал жөнүндө. Памир Асанов сөзсүз кишини угуп чыгып, бардык объективдүү жана субъективдүү тараптарды таразалап, анан чечим чыгарат. Колунан келген жардамды аябайт, анын дайындалышын туура деп эсептейм. Эчак эле ушул кызматка келиши керек эле.

 Тактай кетсек, Vesti.kg Баткен ШИИБнин Ардагерлер кеңешиинин төрагасы Ниймат Арапов ачык кат жазып, анда Курсан Асанов өз аракеттери менен милициянын кадырына чоң шек келтирип, генералдык наамга татыктуу эмес деп жазганын кабарлаган.

 

Медина Купсулдаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх