Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат өкмөттөн Суусамыр өрөөнүндө жааган кардын кесепетин аныктоо боюнча комиссия түзүүнү талап кылууда

Өкмөттүн ЖКдагы өкүлү бул маселе боюнча иш бүгүнкү күндө жүрүп жатканын билдирди

Өкмөт Суусамыр өрөөнүндө жааган кардын айынан дыйкандар учураган зыянды эсептеп чыкчу атайын комиссия түзүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

- Түшүм кардын астында калды, мал кырылды, - деди ал кесиптештерине. Эл түшүм сатып, балдарынын окуусун, башкалары кредит төлөйбүз деп ишенишкен. Өкмөт бул жашоочуларга жардам бериш керек. Тез арада атайын комиссия түзүлсүн. Өз кезегинде өкмөттүн ЖКдагы туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов бул маселе боюнча Суусамыр өрөөнүнө өкмөттн өкүлдөрү сапар тартканын билдирди.
-
Бул маселе боюнча иштер жүрүп жатат, - деди ал.


Эске салсак, бир нече күн мурда Төө-Ашуу ашуусу менен Суусамыр өрөөнүндө кар түшүп, калың кар астында түшүм жабыркап, мал кырылган.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх