Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

60 градустун косинусу канчага барабар? Билим берүү министрине талапкерди кара терге салган депутаттын суроосу

Дастан Бекешевдун суроосу ОшМунун ректору Каныбек Исаковду оңтойсуз абалга салды

Жогорку Кеңеште депутаттар Каныбек Исаковду билим берүү министринин талапкерлигин билим берүү министри кызматына талкуулай башташты.

Талапкерге биринчи болуп депутат Дастан Бекешев суроо узатты. Эл өкүлү буга чейин социалдык тармактар аркылуу жарандардан Каныбек Исаковго кандай суроолорду беришмектигин сурап, эми ошол суроолорду узатууга даяр экенин белгиледи.

- ОшМуда коррупция чын эле жокпу?. - деди ал. - Сиз ал менен кантип күрөшчүсүз?

Буга министрге талапкер коррупция бар, бирок аз өлчөмдө деп жооп берди.

Ошондой эле депутат мектеп фондулары жана билим берүүдөгү реформалар туурасында Каныбек Исаковдун пикири жөнүндө кызыкты.

- Мен бардык фонддордун жабылышын каалайт элем, бирок, азырынча андай мүмкүнчүлүк жок. -Азыр, көптөгөн ата-энелер мектеп фондундагы акча каражаттар дарексиз колдонулуп жатканына нааразы. Азыркы учурда биздин колдон келчү нерсе - фонддордун ачык иштешин камсыздоо. Реформа тууралуу болсо, оптимизация керек жана албетте китептердин мазмунуна көңүл буруу зарыл.


Сөзүнүн аягында Дастан Бекешев Исаковдон 60 градустун косинусу канчага барабар экенин сурады.

Министрге талапкер билими боюнча филолог экенин айтып жооп берди.

- Биздин билим берүү системабызда кемчиликтер бар, бирок, биз балдардын жалпы дүйнө таанымын кеңейтүүчү сабактарды берүү үчүн иш жүргүзөбүз, - деди ал.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх