Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Нурбаев: Физика менен химиянын формулалары мектеп окуучуларына кереги жок, азыр башка заман

Эл өкүлү мектеп окуучуларына кесиптик билимди болушунча эрте берип баштоо керек

Депутат Абдывахап Нурбаев мектеп окуучуларына кесиптик билимди болушунча эрте берип баштоо керек деген пикирде. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.

- Балдар канчалык эрте өздөрүнө кесип тандашса, ошончолук жакшы, - деп ишенет ал. Физика менен химинын формулаларын жаттап отуруунан эч кереги жок - бул өткөн кылым. Азыр башка заман.

Вице-премьер Алтынай Омурбекова буга Билим берүү министрлиги мектеп окуучуларына кесиптик билимге байланышкан сабактарды 7-класстан тарта эле окууга мүмкүндүк берүү жөнүндө ойлонуп жатканын билдирди.

- Аталган концепция учурда иштелип чыгып жатат. Мүмкүн башында пилоттук долбоорлор пайда болот,- деп жооп берди ал. Өкмөт билим берүүнү реформалоонун үстүндө иштеп жатат, талкууланчу маселе көп. Мисалы,үчүнчү класска чейин баа койбой, билим деңгээлин көзөмөлдөгөн башка система колдонуу идеясы бар.

Эске салсак, Жогорку Кеңеште билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралууда.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх