Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Болочок билим берүү министри Кыргызстандын латын алфавитине өтүүсүн колдойт

Каныбек Исаков өкмөттө латын арибине өтүү бизди башка түрк тилдүү мамлекеттер менен жакындатмак деп билдирди

Кыргызстан латын арибине өтүшү керек, кыргыз тили ошондо жакшы өнүкмөк. Мындай пикирин депутат Алтынбек Сулайманов билдирди. 

- Бул маселе көп жылдан бери талкууланып келе жатат, бирок, эч кандай жыйынтыкка келген жокпуз. Эгерде биздин өлкө латын арибине өтсө, бизге мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен чет тилди үйрөнүү жеңил болмок. 

Сулайманов билим берүү министрине талапкер Каныбека Исаковдон бул маселе боюнча пикирин сурады.

- Эгерде мамлекетте ушундай мүмкүндүк болсо, анда мен колдойм, - деп жооп берди Исаков. Биз башка түрк тилдүү элдер менен жакын болмокмуз.

 

Өз кезегинде Алтынбек Сулайманов Каныбек Исаковду, эгерде ал билим берүү министри кызматына бекий турган болсо, бул сунуштун үстүндө иштөөгө чакырды. 



Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх