Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таш айылынын жашоочулары Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча арызын ЖКнын депутаттарына жөнөтүштү

КСДПнын 32 депутаты аларды уяткарган катты алышкан

7-8-августтагы окуялар боюнча Кой-Таш айылынын жашоочулары Башкы прокуратурага жазган жамааттык арыз Жогорку Кеңештин депутаттарына берилди. Бул тууралуу Фейсбук социалдык социалдык тармагында КСПДнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков билдирди.

Анын айтымында,кат КСДП фракциясынын 32 мүчөсүнө берилген.

Маалым болгондой, катта эл өкүлдөрүнөн Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча арызга кол койгон 1700 жаранга жардам берүүнү суранышкан.

Каттын тексти:

«2015-жылы Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы Сизди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер катары көрсөткөн. КСДПнын башкы урааны: «Өлкөбүздү колдойлу! Президентти колдойлу!» эле, партиянын үгүт иштери толугу менен президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна байланган. Партиялаштардын, президент Алмазбек Атамбаевдин жалпы аракети менен Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, Сиз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайлангансыз.

Сиз бизге «элдин таянаар тоосу» болом деп убада бергенсиз, андыктан, Сиздин бул сөзүңүз калп эместигине ишеним, Сизге КРнын Башкы прокурору О.А.Жамшитовдун атына 1700 жөнөкөй жарандын жазган канатын жөнөтөм, кайрылууда Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлү астында күч түзүмдөрү карапайым жашоочуларга мыкаачылык мамиле жасап, ири материалдык чыгым алып келишкени жазылган.

Бийликтин алмашуусу менен, ошондой эле бүткүл мамлекеттик машинанын эки жылдан берки А.Ш. Атамбаевге каршы жүргүзгөн жалаа жабуусунун айынан Сиздин А.Ш. Атамбаевге мамилеңиз бир аз бурулуп калышы мүмкүндүгүн түшүнүү менен кабыл алам.
Бирок, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты - эл тарабынан партиялык тизме боюнча шайланган Кыргызстандагы эң жогорку кызмат кишиси катары, арыздын алдына кол койгондордун көпчүлүгү - А.Ш. Атамбаевдин үйүнө жасалган мыйзамсыз чабуулдун күбөсү болушкан Кой-Таш жана Арашан айылынын жөнөкөй жашоочулары экенин эске салам. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Сизди депутат кылып шайлоо үчүн 1277 киши добушун берген, бул аталган конуштун 90 пайызы болуп саналат, ал эми Кой-Ташта 779 киши, башкача айтканда бардык шайлоочулардын 53 пайызы өз добушун берген. Учурда ушул адамдар Сизге деген ишеничин жоготушкан, үмүттөрүн үзүшкөн, бирок,мен баары бир Сизге жазып көрүүнү эп көрдүм.

Сиз депутат катары элге төмөнкүлөрдө жардам бере алмаксыз:

1) 1700 жарандын Башкы прокурорго жазган арызын көзөмөлгө алып, КРнын ЖКде жарандардын позициясын билдирип туруу боюнча;
2) Жарандарга өлкөдөгү бардык мамлекеттик телеканалдарда бийликтин бир тараптуу маалыматтык үгүттөөсүн болтурбоо жана демократиянын сакталышын камсыздоо үчүн эфирдик убакыт берүүнү шайлоого коюу боюнча
3) «Апрель» телеканалынын берүүсү 7-август күнү кечинде эле эмне себептен токтогулганы, ошондой эле эмне себептен мобилдик байланыш, суу жана электроэнергия өчүрүлгөнү боюнча маселени көтөрүү боюнча;
4) Абулгазиевдин көзөмөлүндөгү мамлекеттик комиссиянын таркатып, оппозициячыл партиялардын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз коомдук ишмерлердин, укук коргоо боюнча эл аралык эксперттердин жана эл аралык уюмдардын катышуусундагы Кой-Таш айылындагы окуяларды иликтөө боюнча жаңы, көз карандысыз мамлекеттик комиссиянын түзүлүшүн талап кылуу боюнча,

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх