Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП: 22-сентябрга чейин жооп албасак, Аскер прокуратурасынын жанына чатыр тигип алабыз

Аскер прокуроруна депутат Ирина Карамушкина гана киргизилди

КСДПнын мүчөлөрү Аскер прокуратурасынын жанына чогулуп, алардын аразы каралып жатканын билүүгө ниеттенишүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, 3-сентябрда алар Аскер прокуратурасына «Медиа-Форумдагы» иш бөлмөлөрүнө киргизбей жатышканына байланыштуу арыз менен кайрылышкан.

- Бир жума мурда биз аскер прокурору Нуркамал Набиевге расмий арыз менен жумуш орундарыбызга кирүүгө мүмкүндүк алуу боюнча кайрылганбыз, -деди Жолдубаева. - Бүгүн дагы биз Аскер прокуратурасына иш жүрүп жатабы, арыз өндүрүшкө кабыл алындыбы-жокпу билелик деп келдик. Набиевге депутат Ирина Карамушкинаны гана киргизишти.

Мындан сырткары, Жолдубаева 22-сентябрга чейин жооп алышпаса Аскер прокуратурасынын жанына чатырларды тигип, жумуштарын ошол жерден аткарышарын кошумчалады.

- Мыйзам боюнча алар 19 күн ичинде жооп бериши керек. - 22-сентябрда алар материалдарды карап чыгып, жооп берүүгө тийиш. КСДП «Медиа-Форумдагы» башкалар өңдүү эле иш орундарын ижарага алуучулар болуп саналат. Эмнегедир, башкалар жумуш орундарына кирип иштеп жатышат, биз болсо - жок. Бул мыйзамды бузуу жана партиянын ишмердүүлүгүнө түздөн түз тоскоолдук кылуу болуп саналат. Бул жерде «Медиа-Форумдун» башкы директору бар болчу, ал дагы имаратка кире албай калган. Партиялаштар 22-сентябрга чейин жооп болбосо, Аскер прокуратурасынын жанына чатыр тигип, ошол жерден иштейлик деп сунуштап жатышат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынан кийин укук коргоо органдары «Медиа-Форумдун» имараты менен «Апрель» телеканалынын жабдууларын камакка алынган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх