Жогорку Кеңеш билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды
ОшМунун ректору 107 депутаттын колдоосуна ээ болду
Жогорку Кеңеш билим берүү министри кызмат ордуна ОшМунун ректору Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.
Ал 107 депутаттын колдоосуна ээ болду.
Премьер-министр тийиштүү буйрукка кол койгондон соң Исаков өз милдетине кирише алат.
Эске салсак, буга чейинки билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева кызматтан өз каалоосу менен кеткен.
Вероника Малышева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз