Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Карамушкина: Абдрахманов өз колхозунда бизди партиядан чыгарат имиш

 Бир нече депутатты партиянын тизмесинен чыгаруу чечими Сагынбек Абдрахманов жетектеген альтернативдик КСДПнын саясий кеңеши тарабынан кабыл алынган

7-8-августта Кой-Таштагы окуяларда катышкан КСПДнын мүчөлөрү партиянын тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргызстандын альтернативдик Социал-демократтар партиясынын юристи Муратбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында эл өкүлдөрү Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Анвар Артыков, Мурадыл Мадеминов жана Карамат Орозова мындан ары КСДП партиясынын мүчөлөрү болуп саналышпайт.

- Сагынбек Абдрахманов жогоруда айтылган адамдарды чыгаруу боюнча документтерди жиберди, - деди Жапаров. - Абдрахманов КСДПнын мүчөлөрүнө бул башаламандыкка катышпоого, Атамбаевди колдобоого чакырган эле.
Жапаровдун айтымында саясий кеңештин чечими 8-сентябрында кабыл алынган.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Ирина Карамушкина Vesti.kg сайтына, Абдрахманов, уставга ылайык «тизмеден чыгарылган» депутаттарды саясий кеңештин чогулушуна чакырыш керек эле деди.

- Мен Сагынбек Абдрахмановдун партиясына кирген эмесмин, бул биздин партия эмес, - деп эскертти Карамушкина. - Уставга ылайык, кимдир-бирөөнү партиядан чыгараардан мурда аларды саясий кеңештин жыйынына чакырып, кайсы себептер менен чыгарганы жатышканын айтуу керек. Бизди ал жакка чакырышкан эмес. Ал өз колхозунда бирдемени өзү чечип алып, эми партиянын мүчөлөрү менен ушундай мамиле кыла берсе болот деп атабы?

Өз кезегинде дагы бир «тизмеден чыгарылган» КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков Vesti.kg сайтына, ал Абдрахмановдун аракеттерине «башын оорутпасын» билдирди.

- Мен Сагынбек Абдрахмановду бир дагы жолу көргөн эмесмин, - деди эл өкүлү. Ал эмне деп атат мага баары бир чынында.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх