Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ буга чейин чекисттер тарабынан кармалган подполковник кандайча КМКнын башчысынын орун басары болуп калганын түшүндүрдү

Милицияда Каныбек Абдырахманов байланышкан чуулуу окуя боюнча түшүндүрмө берип, анын күнөөсү далилденбегенин баса белгиледи

ИИМнин Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары жана ошол эле маалда ИИМин КМКнын үчүнчү Башкармалыгынын (уюшулган кылмыштуулук боюнча) башчысы болуп милициянын подполковниги Каныбек Абдырахманов дайындалды.

Кээ бир маалыматтык агенттиктерде Каныбек Абдырахманов тууралуу такталбаган, жалган маалыматтар жарыяланууда. Буга байланыштуу ИИМ түшүндүрмө жасайт.

Каныбек Абдырахманов ички иштер органдарында 1997-жылдын июль айынан тарта кызмат өтө баштаган. КРнын ИИМнин Академиясын аяктаган. 2004-жылдан бери кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштейт, 2011-жылдан бери Ысык-Көл облусунун ИИБнын УКЖКБнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери эмгектенген.

ИИМнин УКББнын бөлүм башчысы кызматын аркалаган. Өз ишинин мыкты адиси, ал бир катар өтө оор, резонанстык кылмыштардын бетин ачкан. Ал бүтүндөй өмүрүн милицияга арнап, кадрдагы офицер болуп саналат. Бардык кесипкөй жана жеке сапаттары боюнча ал ээлеген кызматына толук татыктуу.

2017-жылы ИИМнин Криминалдык милиция кызматынын 3-Башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеп турган маалда Каныбек Абдрахманов кылмыш жасаган деп акыйкатсыз  айыпталган.
2017-жылдын 17-октябрында түн ичинде УКМКнын кызматкерлери Каныбек Абдырахмановдун кол алдында иштеген ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкер С.К.В кармалган. Ага каршы акча доомат кылуу жана пара алуу боюнча арыз түшүп, кармоо жүргүзүлгөн. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Каныбек Абдырахманов С.К.Внын кармалган жерине чакырылган. Аталган факт боюнча өз маалында калыс иликтөө жүргүзүлбөй Абдырахманов кол алдындагы кызматкери менен кошо камакка алынган.

Бирок, белгилей кетсек, анын иш бөлмөсүндө, сейфинде жана үйүндө тинтүү жүргүзүүдө эч кандай буюм далилдер табылган эмес. Соттук жараяндардын жүрүшүндө Каныбек Абдырахмановдун жогоруда айтылган кылмыш ишине тиешеси жоктугу аныкталган. Ошондой эле, УКМКнын кызматкерлери тарабынан КМКнын дагы үч кызматкери кармалып, аларга карата азыркыга чейин соттук териштирүү жүрүп жатат.
Кармалган С.К. кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Биринчи май райондук сотунда, Жогорку сотто өткөн жараяндардын жүрүшүндө Каныбек Абдырахмановдун жогоруда айтылган кылмыш ишине катышы бардыгы далилденбегендигине байланыштуу, толугу менен акталып чыккан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечимине ылайык, ал мурда ээлеген ИИМнин Криминалдык милиция кызматынын 3-Башкармалыгыны башчысы кызматына кайрадан келген.
Жеке жана профессионалдык сапаттарын эске алуу менен ИИМнин жетекчилиги аны ИИМнин КМКнын башчысынын орун басары, үчүнчү Башкармалыктын (уюшулган кылмыштуулук боюнча) башчысы кылы дайындаган.


ИИМнин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх