Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбековдун убактылуу өкмөтүн мүчөлөрүн чакыруусунун артында эмне турат?

Эксперттин айтымында президент шайлоонун алдында эл арасындагы беделин көтөрүп, лидерлик сапаттарын көрсөтүүгө аракет көрүп жатат

Кыргызстандын президенти Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен кезигип, бардык саясий күчтөрдү бириктирүү колунан келээрин элге көрсөткүсү келди. Мындай оюн Vesti.kg сайтына саясат таануучу Аида Алымбаева билдирди.

Белгилей кетсек, интернет айдыңында убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн ишемби күнү, 14-сентябрда «Ала-Арча» мамрезиденциясына президент Сооронбай Жээнбеков чакырганы тууралуу маалымат пайда болгон.

Алымбаеванын пикиринде бул жолугушуу эң биринчи кезекте өлкө башчысына керек болчу.

- Президент лидер экенин, ар кандай өңүттөгү саясатчылардын башын бириктире алаарын көрсөткүсү келди. Менин оюмча бул эч нерсе деле алып келбейт. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасында оппозициячыл лидерлер жок. Дегеле өлкөдө азыр оппозиция жок. Бул жөн гана пиар. Мамлекетте саясий күчтөрдү жыйнай тургандай кризистик абал жок.

Мындан сырткары, серепчи жолугушууну келе жаткан парламенттик шайлоо менен да байланыштырды.

- Бардыгынын ага көзү түз болушу үчүн жасалган кадам. Президент элге бардыгын бириктире алаарын көрсөткүсү келип жатат. Мен аны улуттун лидери катары көрбөйм, анткени, анда лидерлик, өзгөчө бир сапаттары жок. Бул жөн гана эл арасындагы беделин жогорулатып, өзүн лидер көрсөтүүнүн бир аракети.

Башка саясат таануучу Медет Түлөгөнов келе жаткан иш-чарага анчейин деле маани бербегенин Vesti.kg сайтына билдирди.

- Анткени убактылуу өкмөттүн курамында жогорку кызматтарды - өткөөл маалдагы президент, премьерлерден турган саясатчылар болгон, - деп эске салды серепчи. Менин оюмча бул президенттердин кадимки практикасы - формалдык жана формалдык эмес жолугушууларды уюштуруу.

- Мурдагы спикер, премьерлер менен жолугушуулар болгон, - деп кошумчалады Түлөгөнов.

Муну менен катар ал жолугушууда келе жаткан парламенттик шайлоо талкууланышы мүмкүн деп божомолдоду.

- Президент азыр ким менен шайлоого барат байкап жатат.

Саясат таануучу Денис Бердаков бул президенттин алдын ала,пландаштырылган кадамы деп эсептейт.

- Инсан өлкөдөгү саясий абалга активдүү реакция кылып жатат, -деди ал Vesti.kg сайтына. Жолугушууда саясий абал менен келе жаткан шайлоо негизги тема болгону түшүнүктүү.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх