Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Ишке эми киришкен билим берүү министри латын арибине өтүүнү колдой коюп, сынга кабылды

Серепчилер башка жазууга өтүү олчойгон каражаттарды талап кылаарын эскертишти

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун латын арибине өтүү сунушун коомчулуктун айрым өкүлдөрү катуу сынга алды.

Кыргызстандыктар социалдык тармактарда эл өкүлүн эле эмес, бул сунушту колдоорун билдирген жаңы дайындалган билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду дагы катуу сынга алышты.

Кыргыз таануучу Мелис Мураталиев кыргыздар өзүнүн байыркы жазуусуна келсе идеологиялык жактан туура болмок деп эсептейт.

- Жазуубузду алмаштыра турган болсок, анда өзүбүздүкүнө эле өтүү керек да, анткени бизде байыркы руникалык жазуу болгон, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Кыргыздын бардык тамгаларын туура жеткирген тыбыштар бар анда. Кирилл жана латын арибинде болсо кыргыз тамгаларын толук жеткирүү мүмкүн эмес. Мындан сырткары, биздин азыркы экономикалык абалыбызды эске алыш керек да, - алфавитти алмаштыруу өлкөгө олчойгон чыгымдарды гана алып келет.

Мураталиев кыргыздар эки жолу жазуусун алмаштырып, бул көптөгөн чыгармалар жана маалыматтардын жоголушуна алып келгенин эске салды.

- Бизде алгач араб жазуусу болгон, - деп белгиледи кыргыз таануучу. - Кийин совет бийлиги орноп, биз латын арибине өттүк. 16 жылдан соң кирилл алфавитине өткөнбүз. Бул жүрүштөрдүн учурунда кыргыздар которууга каражат жок болгондугуна байланыштуу көптөгөн адабияттар жок болуп кеткен. Азыр бул кайра кайталанышы мүмкүн. Азыр латин арибине өтүү максаттуу эмес.

Тарых илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын атындагы КМУнун жалпы тарых кафедрасынын жетекчиси Айнура Арзыматова эл өкүлүнүн сунушун популисттик деп атады.

Vesti.kg сайтына эксперт латын арибине өтүүгө Кыргызстандын каражаты жок деп белгиледи.

- Жаңы министрдин депутаттын сунушун колдоорун угуп, абдан өкүндүм, - деди Арзыматова. - Каныбек Исаков маселени карап чыгаарын, ойлоноорун айтса болсок. Бул, албетте, популизм. Бизде латын арибине өтүүдөн башка көйгөй калбай калдыбы? Буга ченебеген акча керек. Чет тилин үйрөнүүгө жеңил болот деген да болбогон сөз. Каалаган киши - анысы жок эле үйрөнөт. Саясатташып кеткен маселе бул. Казакстанда, мисалы латин арибине өтүштү, бирок, калктын басымдуу көпчүлүгү дагы эле буга каршы.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх