Кожобек Рыспаев депутаттарды койлор деп тилдеп чалгандарга нааразы
Эл өкүлү депутаттардын ачык номурларына чалган жарандардын телефон чалууларын жөнүндө айтып берди
Жогорку Кеңештин депутаттарына элдер чалып, койлор деп тилдешет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Кожобек Рыспаев билдирди.
- Бизде профсоюз деген бир балакет пайда болду, - деди ал. Элдер тааныштары аркылуу депутаттардын ачык номурларына жазып жатышат: «Мамлекеттик мүлктүн баарын сатып атышат, Ысык-Көлдө, турбазадан канчалаган жер, пансионат сатылып кетти». Бизди койлор деп тилдеп атышат. «Чимкирик» менен байланышкан окуядан кийин мен биз элитабыз дедим. Ызуу-чуу көтөрүп жиберишти коомдо. Биз бул аракеттерди токтотушубуз керек. Эгерде, биз профсоюздар жөнүндөгү мыйзамды колдоп бербесек, эл алдында шерменде болобуз.
Медина Купсулдаева
Фото www