Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина ЖКте бийликтин абалды курчутпоосун талап кылды

Эл өкүлүн «Апрель» телеканалынын жабылышы кыжырдантты, анын айтымында канал аркылуу эч кандай мыйзамсыз аракеттерге чакырык берилген эмес

ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина бийлик өкүлдөрүн мыйзамдарды бузбоого чакырды. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин жыйынында билдирди.

- Бийлик кысымын токтотсун, мен муну талап кылууну уланта берем, - деди Ирина Юрьевна. - Эгерде Алмазбек Атамбаевге кысым болуп жатса, бул партия өз ишин токтотушу керек дегенди түшүндүрбөйт. Маморгандар «Медиа Форумдун»«» имаратын жаап, «Апрель» телеканалы жабышты. Бийлик мыйзамды одоно бузуп жатат. Биз өзүбүз аларды бузсак, анда кимге мыйзамдарды жазып жатабыз? Бул каналдарда эч кандай зомбулукка чакырыктар берилген эмес. Бийлик өкүлдөрүнө кайрылам: «Кырдаалды курчутканды токтоткула». Мыйзам чегинде баарын чечкиле. 7-8-августта өткөн окуялар боюнча эл аралык баа берүүнү өтүнөм.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх