Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таш айылынын жашоочуларын айыл өкмөтүндө өтчү акыйкатчы менен жолугушууга киргизбей коюшту

7-8-августтагы окуяларда жабыр тарткандар жергиликтүү бийлик чогулган көп элден коркуп кетишти дешүүдө

Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн имаратында өтө турган Кой-Таш жана Арашан айылындагы жабырлануучулардын акыйкатчы менен жолугушуусу үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева маалымдады.

Анын айтымында, бүгүн 12-сентябрда саат 10:00дө Кой-Таш жана Арашан айылындагы жабырлануучулар акыйкатчы менен жолугушмак.

- Бизге айыл өкмөтүнө кишилерди чогултуп бергиле дешкен, бирок, аз калганда жолугушууну Акыйкатчынын Аппаратына болот деп коюшту, - деп белгиледи ал. Айыл өкмөт башчысы бизге жергиликтүү бийлик чогулган көп элден коркуп кетишкенин билдирди. Жерине дароо милиция кызматкерлери келген.

Өз кезегинде акыйкатчы Токон Мамытов Vesti.kg сайтына айыл өкмөтүнүн имаратына мынча көп киши батпай калды деп түшүндүрдү.

- Биз Кой-Ташка бармакпыз, бирок, айыл өкмөтү бизге телефон чалып, мынча киши ал жерге батпасын айтты. Ошондуктан, биз акыйкатчынын аппаратында кезикмей болдук, - деди ал.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх