Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Руслан Казакбаев Кыргызстанда кадрдык реформа өткөрүүнү сунуштады

Эл өкүлү бир убакта Феликс Кулов өткөргөн тандоо ыкмасын эске салды

Кыргызстанда кадрдык маселе чечилбей жатат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында ЖКнын депутаты Руслан Казакбаев билдирди.

- Өз кезегинде Иосиф Сталин кадрлар маселесин чечке, - деп эске салды эл өкүлү. -Азыр Кыргызстанда бул көйгөй чечилип жаткан жок. Муну жетекчи гана чече алат дешет. Талапкерлер полиграфтын «коррупцияга катышкансызбы?» деген суроосуна жок деп жооп беришим, бирок, полиграф муну калп деп тапчу.

Депутат Феликс Куловдун парламент башчысы кезинде айткан сунушун эске салды.

- Кечээ Каныбек Исаков билим берүү министри болуп дайындалды, -деп сөзүн улантты Казакбаев. - Феликс Кулов премьер-министр болуп турган кезде, өкмөт кадрларды бекитээрде партия жана күч түзүмдөрү көрсөткөн талапкерлер сынактан өтсүн деген сунушун киргизден. Ал элге келечекте аткара турган иштин планын ачыктоону сураган. Бирок, бир жумадан кийин бул идея ишке ашпай калган. Кийин Феликс Кулов биздин кадрлардын мындай тандоо ыкмасына даяр эместигин айткан эле. Биз кадрдык реформа жасамайын бизде эч нерсе өзгөрбөйт.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх