Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дарыгерлердин маалыматы боюнча Атамбаевдин үйүнө жасалган чабуулда 800 жергиликтүү жашоочу жабыркаган

Тез жардам кызматынын фельдшери Кой-Ташта спецназдар анын уулунун көзүн жабыркатып, автоматтын кундагы менен тиштерин сындырып салышкан. Азыр анын көрүүсү начарлоодо

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул жасоо учурунда жабыркагандардын көбү медициналык жардамга кайрылуудан коркушууда. Бул тууралуу Кой-Таш жана Арашан айылдарынын жашоочулары менен акыйкатчынын ортосунда өткөн жолугушууда тез жардам кызматынын фельдшери Бурул Тенизбаева билдирди.

Анын айтмындан 7-августтан 8-августка караган түнү алар жеринде 800дөн ашык жабырлануучуга жардам көрсөтүшкөн.

- Бизге Атамбаевдин үйүндө ок чыгып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Биз дароо тез жардам машинеси менен барып, көптөгөн жарадарларды көрдүк. Биз спецназдар болобу, жергиликтүү жашоочуларбы айырмасы жок жардам көрсөтүп жаттык. Биз ал тургай бир спецназды ал жерден алып чыктык. Көп айылдыктар камап салат деп коркуп, доктурга барбай жатышат.

Тенизбаева ошондой эле, анын уулун спецназ кызматкери ур-токмокко алганын айтып берди.

- Ал мага спецназ кызматкерлеринин бирөөсү автоматтын кундагы менен бетке урганын айтып берди, - дейт дарыгер. - Баламдын тиштери сынып, көзүнөн жаракат алган. Азыр көрүүсү начар болуп жатат, анын айтымында формачан адамдар колдоруна бычак жана автомат көтөрүп жүрүшкөн.

Кой-Таш айылынын жашоочусу Света Сатыбекова милиция кызматкерлери анын колун сындырып салганын айтты.

- Көчөдөн атылган октордун үнү угулуп баштады, - деп эскерди ал. - Мен эмне болуп жатканын билүү үчүн эшикке чыккам. Башка коңшулар мага чейин эле сыртка чыгышкан экен. Милиция кызматкерлери капыстан биз тарапка чуркап келип, бизди сабап башташты. Мен үйүмдүн короосуна кире качтым. Артымдан милиция кызматкери кууп кирип, ур-токмокко алып, колумду сындырып салды.

Мындан сырткары, жергиликтүү жашоочулар 50дөн ашык киши Аламедин РИИБне арыз менен кайрылышканын билдиришти.

- Милицияда алгач биздин арыздарды кабыл албай жатышты. Бирок, биз адвокаттарды чакырып, тергөөчүлөр акыры арыздарыбызды кабыл алышты, - деп айтышты Кой-Таш жана Арашан айылынын жашоочулары.

Айылдыктар акыйкатчыдан Кой-таштагы окуялар боюнча акыйкат иликтөөнү камсыздоону суранышты. Акыйкатчы алардын укуктарын коргоого убада берди.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх